Menu

АКШ Ирандын космос агенттигине санкция киргизди

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар Ирандын космосту иликтеген үч компаниясына каршы санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын каржы министрлиги билдирди.

Кеп Иран космос агенттиги, Космосту иликтөө борбору жана аэронавтика тармагында иликтөө жүргүзгөн институт тууралуу болуп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын космос агенттигинин баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү программасына түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт.

Кошмо Штаттар Иран космостук программасына жамынып, АКШга коркунуч жарата турган өзөктүк курал иштеп чыгышы мүмкүн деп кооптонууда.

Помпео бул санкция Иран менен космос тармагында кызматташууну көздөгөн эл аралык илимий коомчулукка эскертүү экенин белгиледи.

Өткөн аптада Ирандын “Хомейни” космодромунда жарылуу болгону аныкталган. Анда “Нахид-1” телекоммуникациялык спутниги аркылуу ракета ташыгычты учурууга даярдык көрүлгөн. АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына жарылуу болду деген жердин сүрөтүн жарыялап, буга Кошмо Штаттардын тиешеси жок экенин белгилеген.

Иран учурда космостук жана ракеталык программаларын өнүктүрүүдө. АКШ бийлиги Тегерандын космостук программасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: