Menu

Усубалиевдин сендей тууганы жок эле…

Бөлүшүү:

Өткөн жумада “Факты.kg”, “Де-Факто”, “Вечерний Бишкек” газеталарына Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына түзүлгөн юбилейлик комиссияга Кайрылуум чыккан. Аны “Азаттыктын” Ш.Дүйшеев кайталап окуган. Газеталардын бири юбилярдын Нарын шаарындагы баннердеги сүрөтүн, экинчи Эркиндик бульварындагы айкелин кошо чыгарышкан экен. Макалада Эски аянт Чо-оң адамга тардык кылат, Бишкектин райондорунун бирин берсек калыстык болмок, деген сунуш айтылган. Кайрылуу жарыяланаары менен колдоо билдиргендер арбын болгондуктан, айрым адамдарга, алардын ичинен Турдакун Усубалиевичтин кызы Берметке, юбилейлик комиссиянын мүчөлөрү – аталаш иниси Орозобек Алымжановго, журналист Курманбек Раматовго, экс-депутат Шамшыбек Медетбековго ж.б. чалдым. Телефонун көтөрбөгөн генерал инимден башкасынан кызуу колдоо таптым. Мага байланышка чыккандардын ичинен Сазан деген өктөм сүйлөгөн аксакал “туура маселе көтөрүпсүң” деп мактап келип, сөзүнүн аягында катуу демитти: “Тууганым дейсиң, макалаңа Орозалиев менен Кулатовдун сүрөтүн чыгарасың! Деги сен Усубалиевди көргөн кишисиңби? 100 жылдыгы өтөт дегенден бери белгисиз туугандары көбөйдү, ошолордун бири эмессиңби?” – деген сыяктуу бир топ бийик сөздөрдү айтып, аксакал кыйлага омуроолоду.

Ушуга байланыштуу, урматтуу редакторлор, Усубалиевге кандайча тууган болуп калганымдын жана эмнеден улам Кайрылуу жазганымдын жөнүн айтайын. Ңарынга (Баткенге эмес) илинген сүрөт менен Кулатовго окшоп калган скульптурага силердин тике тиешеңер болбосо да, чогуу актанып көрөлү.

Урматтуу Сазан байке, мен Турдакун Усубалиевич мугалимлен көтөрүлүп отуруп, өзүнүн кыйындыгынан, өжөрлүгүнөн Москвада, Кремлдин өзүндө иштегендигин Жумабүбү Абдыракманова деген эжемен укчумун. Ал киши Турдакун аганын өзү менен да, эжеси менен да чогуу иштешкен экен. Биринчи катчыны биринчи жолу 1965-жылы Кара-Кужурдан Ак-Кыя мектебинин 7-классында окуп жатканымда көргөм.

Мен өзү райондун борбору Кочкор кыштагынын күн чыгышындагы Жаңы-Жол деген айылданмын. Турдакун Усубалиевич күн батышындагы бүт Кыргызстан билген Теңдиктен. Балким байкенин шарапатыдыр, Тендиктин теңи жогорку билимдүү, кызмат албаса деле, Бишкекке келип алган. Менин айылымдын атын эч ким, ал тургай кочкорлуктар өздөрү да билбейт.

Бир айылдан Бишкектеги жападан жалгыз жогорку билими бар сейрек адаммын Башкарма же бай болбогон соң, айылымды тааныта албадым. Жогорку Кеңеште иште турганымда ал киши депутат эле. Кирет эле деген жердештерди киргизе коюп, таанышып калгам. Чакырып китебине жакшы сөздөрдү жазып берген (макала тиркелди). Бир курдай Жаңы-Жолдон жалгыз экенимди айтсам, Эмне? – деп катуу таң калган. Биринчи себеби, биздин айылда мектеп жок дедим (азыр бала-бакчаны  мектеп кылышкан). Экинчиден, сиздин айылдагылар сизди тартып чоң болгулары келет экен. Биздин айылдагылар чоңдун шоопуру болгулары келет, – десем – Сен эмне биякта жүрөсүң анан мектеп салдырбай, деп тамашалап күлгөн.

Эми Усубалиев менен тууганчылыгыбыз тууралуу айтайын, Сазан байке. Анын чоң атасы Калыгул олуя Ормондун оң колу болсоң болсо, менин чоң атам Ордонун бир канатын чоюп, 18инде Кокон ханынын этегин баса отуруп, элчилик милдет аткарып жүргөн Шамен Ормон менен аталаш бир туугандар – Эсенгул баатырдын неберелери. Ормондун сөөгүн коюп, кунун бычкан, акылман акелер арасында “Калыстык издесең Шаменге бар” деген аңызга айланган адам. 80ге таяп калганда Чүйдөн үч миң киши жалдап келип, бүт Кочкорду сугарган чоң каналды каздырып, аштык айдаткан адам. Калыгул менен Шамен Манап бийдин чөбөрөлөрү – Маматкул менен Дөөлөткулдан кошулат. Мен бул жагынан Усубалиевдин тең ата иниси экениме эми ишендиңизби?!

Ооба, мамрезиденциядагы дачасына учурашканы барып, чай ичип отурганда ойлонбой туруп олдоксон суроо бере коём деп, капа кылып алган жерим да бар. Бизде чондордун тек жайын тергеп, укуп-чукуп ушак таркатып коюп, кайра өздөрүнүн жугундусун өздөрү жууп жан багууга адистешкен илимпоз-журналисттер бар эмеспи. Ошолорун бирөө Усубалиевдин ысымындагы “акун” деген сөзгө жабышып, биз архивди тинтип, бул адамды кыргыз кылабыз деп жарыя жасап, ачык соодага өткөнүн айтып, көркоолорго өзүңүз жооп бербейсизби, дегендей кылсам, мурчуюп жактырбай калганына академик Акматалиев күбө. Дегеле, менин ал кишиге кирип-чыгып жүргөнүмдү жардамчылары Сүйүн Касмамбетов менен Дайырбек Алтыбаевдер жакшы билчү.

Усубалиев менен тууганчылыгым тууралуу анын ысымы мага зыянын тийгизген дагы бир кызык далилди келтирейин. Анда КыргызТАГда жакшы иштеп мамлекеттик сыйлык алып, партияга кандидат элем. Баштапкы уюмдун каттчысы райкомго документ жеткир дегенинен, чабарман эмесмин деп барбай койсом, “бул терсаяк тетири , сүйлөп, КП БКнын 1-секретары – жердеш агасы Усубалиевди уят кылат деп партияга албай койгон. Кийин коммунисттер бийликтен кулап, эми менден эч ким жол талашпай калган кезде Жогорку Кеңештен партияга өтөйүн деп арыз берсем, ал кездеги партиянын башчысы А.Масалиев аксакал Усубалиевдин иниси деп документимди кайтарып бергенине анын жардамчысы полковник Рыскулов күбө.

Сазан байке, эми тууган катары кайрылуу жазууга эң соңку жүйөмө токтолоюн. -Мен “Сарбагыш” коомунун курултайында шайланган аксакалдар кеңешинин төрагасынын мандаттуу орун басарымын. Демек, менин артымда Тагай бийден тараган бир уруу эл турат десем болот. “Сарбагыш” коомунун жакында өтүүчү курултайында Усубалиевдин юбилейин татыктуу өткөрүү маселеси күн тартибине коюлуп жатканын эсиңизге сала кетким бар.

Сизге туугандык саламым менен, иниңиз Аалы Молдоканов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: