Menu

Казакстанда “кытай экспансиясына каршы” акциялар өтүүдө

Бөлүшүү:

4-сентябрда ондогон адам Алматы акимчилигинин алдына чогулуп, Жаңыөзөн шаарынын тургундары коюп жаткан талаптарга тилектештик билдиришти.

Жаңыөзөндүктөр эки күндөн бери айыл чарба жана өнөр жай багытындагы 55 биргелешкен ишкана ачуу тууралуу казак-кытай макулдашуусуна каршылык билдирип жатышат. Алар президент Касым-Жомарт Токаевди кийинки жумага белгиленген Кытайга сапарынан баш тартууга чакырышууда.

«Эмнеге кытайлыктарга заводдор, бизге болсо «эки уй ал дагы жаныңды бак» деген мамиле?», — деди акцияга чыккан алматылык активист Дания Калиева. Өткөн айда экс-президент Нурсултан Назарбаев мамлекеттен социалдык жардам талап кылгандарды сындап, аларга «эки уй сатып алып» же «жашылча-жемиш өстүрүп» жан багууну сунуштаган.

Чогулгандар «Жердин ээси — эл», «Кытай заводдорунун кереги жок», «Жаңыөзөндү колдойбуз» деген ураандарды кыйкырып, 55 ишкана куруу тууралуу казак-кытай өкмөттөр аралык макулдашуусуна нааразылык билдиришти.

3-сентябрда ушундай эле акциялар Казакстандын Актөбө, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында өткөн. Анда акция катышуучулары Токаевдин Пекинге пландалган сапарын токтотуу, Кытай менен түзүлгөн биргелешкен макулдашуунун текстин жарыялоо, өлкө аймагына кытай заводдорун куруудан баш тартуу жана Кытайдан эмнеге карыз алынгандыгын түшүндүрүп берүү тууралуу жаңыөзөндүктөрдүн талаптарына тилектештиктерин билдиришкен.

Күн мурун Жаңыөзөнгө Мангистау облусунун акими Серикбай Трумов барып, Казакстандын аймагында кытай заводдору курулбай турганын билдирди.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар дагы түрткү болууда.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев быйыл апрелде кытай маалымат каражаттарына интервью берип, өлкөдө биргелешкен 55 ири долбоордун 15и ишке ашырыла баштаганын жана алардын 11и 2019-жылдын аягына чейин пайдаланууга бериле турганын билдирген.

Кытай — Казакстан үчүн төртүнчү ири инвестор жана үчүнчү ири насыя берүүчү болуп эсептелет. Быйыл бул өлкө Казакстанга 2 миллиард 62 миллион юань өлчөмүндө насыя берди. Нур-Султандын Кытайдын алдындагы жалпы карызы 12 миллиард доллардан ашык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: