Menu

Саламаттыкты сактоодогу Космостук реформа!

Бөлүшүү:

1935-жылы эсил кайран СССРдин Башкы катчысы И.Ф.Сталин “Бардыгын кадрлар чечет” деген лозунг менен жалпы элге кайрылуу жасаган. Мамлекеттин өнүгүшүнө Сталиндин жүргүзгөн кадрдык саясаты негизги ролду ойногон. Бул тууралуу Улуу Британиянын мамлекеттик жетекчиси Уинстон Черчилль “өлкөнү соко менен кабыл алып, ядролук бомба менен таштап кетти” деген сөзү далил.

Кыргызстанда болсо мамлекеттин өнүгүшүнө же артка кетишине жалгыз президенттин жоопкерчилиги катары карайбыз. Албетте, туура. Өкмөттү түзүү премьер-министрге жүктөлгөнү менен бардык өкмөт мүчөлөрү президенттин макулдугу аркылуу ишке ашат. Логика боюнча да туура. Бирок, тармактар боюнча адис эмес министрлер, жетекчилер космостон түшөөрү менен эле мамлекеттик системага ойлонбой жасаган реформалары жана өзүм билемдик кылыктары коомдун нааразычылыгын жаратууда. Нааразычылыктардын көптүгү бийликтин рейтингин күндөн күнгө түшүрүп жаткандыгы барыбызга маалим.

“Тойгончо жеп, өлгөнчө дарылан”

Адамда “Биринчи байлык ­- ден-соолук!”. Бул тармакка мамлекеттин миллиарддаган каражаттары бөлүнгөнү менен дарылануу бекер эмес. Өзгөчө дары-дармектин кымбаттыгы карапайым калкты чөнтөккө уруп жатат. Системалашкан дары-дармек мафиясы чоң ажыдаарга айланып алган. Аны изилдеп таап, тузакка иле турган күч органдары да, майда чүйдө чабактарын кармамыш этишет. Жыйынтыгында коррупцияланган системанын айсбергин кертип алганга эле барабар болуп калды.

Бир кишини дарылап көрбөгөн фармаколог кантип Саламаттыкты сактоо министри болуп калды? Медицинада дары-дармек иштерине бизнесмендер аралашары белгилүү. Бир жылдары саламаттыкты сактоо тармагын вице-премьер болуп тейлеген Дамира Ниязалиева деген бизнесмен айым “Метадон” деген синтетикалык наркотиканы элге ачык сатууга белсенген. Анда да биз журналистика каршы турган элек. Аптека ачуу учурдагы жакшы бизнестердин бири болуп калды. Азыр көчөдө иши жүрбөй калган базарчылар да аптека ачып башташты. Көчөдө эмне көп? Тойкана менен аптека көп. Экөө жакын жерде жайгашып алып, сага: “Тойгончо жеп, өлгөнчө дарылан” деп тургансыйт. Космосбек Чолпонбаевдин министр болуп келишине Жогорку Кеңеш УКМКнын СИЗОсунда отурганын далил келтиришип каршы чыгышканда, М.Абылгазиевдин ЖКны тоботпой койгону эле колдоочусу жогору жактан экени белгилүү болгон.

Космосбектин космостук аппетити

Албетте мейли келсин, иштесин, өзүн көрсөтсүн. Бирок келери менен эле Космосбек Чолпонбаевдин сатып алган машинасын ЖК депутаты Аида Исмаилова 5 млн 600 миң сом турат деди. ЖК депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтуусунда 82 миң долларга турган. Катардагы санитарка 2000 сом, медайымдар 6000 сомдон айлык алышат. Тез жардам машиналары жетишпей турганда 82миң долларга Тез жардам машинасын сатып алып алыскы аймактарга жөнөтсө болот эле да. Келээри менен эле бийликтин абийирине көө жапты.

Грипп болсоң “рак” кылган – 30 миң сом

1-Реформа боюнча сөз кылсак, грипп болгондон да коркосуң. Оор диагноздорду көп тапкан врачтардын маянасын 30 миң сомго чейин көтөрүлөт. Мисалы, жеңил сыркоолоп барганга ­- кургак учук же онкологиялык (рак) ооруларынын диагноздорун көп койгон врачтардын айлыгы 30 миңге чейин көтөрүлөт. Кайсыл врач айлыгын көтөрүүгө аракет кылбасын? Бул программаны орусча айтканда “липовый” кыргызча “жасалма же көз боёмо” дейт. Ушундай реформадан кийин грипп болгондон кудай сактасын!

Педиатр 4 айда гинеколог болду

2-Реформасы 2018-жылдын 13-августунда Үй-бүлөлүк медициналык борборлорду оптимизациялоо боюнча буйругу чыккан. Атайын адистеги врачтарды профилин өзгөртүп кайрадан 4 айга окутмак. Бул деген гинеколог 4 айдан кийин педиатр болуп балдарды даарылайт, педиатр 4 айдан кийин терапевт болуп чоңдорду дарылайт, эркек терапевтер 4 айдан кийин гинеколог болуп аялдарды дарылайт, кыскасы ооруканага барбай деле койсоңуз болот. Себеби, ким эмне ооруу дарылап жатканы түшүнүксүз. Башын мындай реформадан баштаган соң, аягын медакадемияны 6 жыл окутуп убара кылбай 4 айда эле диплом бердиреби?

Бул маселелерди Акүй эске алып элдин ден-соолугун коргойбу же кордойбу башка маселе. “Өзүңдү өзүң карабасаң, өз убалың өзүңө” дегендей, грипп болуп калып 30 миң сомдук врачтын айлыгы үчүн садага чабылып кетпейли?

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып “Бардыгын кадрлар чечет” деген сөз туура айтылган дээр келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: