Бүгүн, 4-сентябрда УКМКда Алмаз Атамбаевдин адвокаттарынын арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын көчмө отуруму өтүп жатат. Атамбаевдин адвокаттары анын 26-октябрга чейин камакка алынышы мыйзамсыз деп эсептеп, райондук соттун чечимин шаардык сотко аппеляцияга беришкен.
УКМКанын алдына Раиса Атамбаева, Кадыр Атамбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина баштаган чакан топтогу тарапкерлери келишкен.
Бир убакта УКМКнын кабаттарынын бириндеги терезеден Атамбаев пайда болуп, өзүнүн тарапкерлерине кол булгаган. Ага жооп кылып Ирина Карамушкина баш болгон тарапкерлери кол булгалап, “Чындык биз тарапта! Биз жеңебиз!” деген кыйкырып алышкан.
Атамбаев 8-августта камакка алынгандан бери бүгүн биринчи жолу тарапкерлерине терезе аркылуу көрүндү.
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видеотасманы “Апрель” телеканалы тартып алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ