Menu

Сен таза болсоң, мен таза болсом ошондо гана өлкө өнүгөт! Же Президенттин 31-августтагы сөзүнөн кийинки ойлор

Бөлүшүү:

Өлкө тазалануу жолунан тайбайт

Көз карандысыздыктын күнү – жалпы улуттук майрам гана эмес, артка кылчая саресеп салып, жыйынтыктарды чыгарып туруунун да мерчеми болуп эсептелет. Арттагы 28 жыл кыргызстандыктар үчүн аябагандай драмалуулугу менен айырмаланды, жаңылыштыктар, адашуулар көп болду. Көп убакыттарды бошко кетирдик, алардын баарына токтололук деген оюбуз жок, ал бул жерге ылайык да келбейт, биз бул жерде 31-августта өлкө тазалануу, жаңылануу жолунан тайбай тургандыгын дагы бир жолу ырастаган Сооронбай  Жээнбеков мамлекеттин башына келген эки жылга жакын убакытта аткарылгандарга гана көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

Сооронбай Жээнбеков мурда өлкөдөгү көп тармактар коррупциялашкандыгын билсе дагы мынчалык деңгээлде таркап, тамырлап кеткендигин билмек түгүл, элестете да албагандыгын эки-үч ирет мойнуна алды. Биз балдар бакчаларынан ЖОЖдорго, салыкчылардан укук коргоо органдарына чейин коррупциялашкандыгын, тиричиликтик маселелерди чече турган чөйрөлөрдө бир нерсе бермейинче иш тезирээк бүтпөй тургандыгын, подрядчиктер аткарылгандарды кээде ашыра жазышып жиберерин көрчүбүз, укчубуз, бирок алкымы чоңдор элден чогулуп, эсептен өткөрүлгөн салыктарды кайра уурдап алышарына, каалашса кредиттерди жөн эле бөлүштүрүп, талап кетишерине, ачыгын айтыш керек, кантип эле ошондой болсун, эсеби жок да акча болчу беле деп, ишенчү эмеспиз. Бишкек ЖЭБин модерцизациялоого, Улуттук тарых музейин оңдоого, Чолпон-Атадагы ат майданын курууга, салык кызматынын мурдагы жетекчилери ишкерлер менен сүйлөшүп алышып, жүздөгөн миллиондогон сомдорду оңой эле кайра чыгарып кетишкендигине ж.б. байланышкан жаңжалдардан кийин элдин көзү чындап ачылды, көз карандысыздыктан берки 28 жылдан бери эмнеге башка республикалардай өнүкпөй жаткандыгыбыздын себептерин түшүндүк. Экономиканын жарымына жакыны көмүскөдөн чыкпаса, кредит-гранттар максаттуу жумшалбагандыгы аз келгенсип, бюджеттик акчаларга кошо уурдалып жатса, кайдан өнүгүү болсун?

Бизде буга чейин жөнөкөй эле экономикалык, каржылык, аткаруучулук тартип болбогону ошондон улам өлкөбүз очорулган ордунан тура албай келгендиги эми ачыкка чыгууда. Сооронбай Жээнбеков 31-августтагы гана эмес, Чүй, Нарын облустарынын айрым райондорунун тургундары менен жолугушууларында сүйлөгөн сөздөрүндө коррупцияга каршы жарыяланган “Чоң казат” мындан ары да ырааттуу улантыларын баса белгиледи. Биз кармалгандарды камоо менен гана чектелбестен, билим берүү, саламаттыкты сактоо, прокуратура, ички иштер министрлиги сыяктуу алигече бийликтин чындап колу жете элек тармактарда да коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча чечкиндүү иштер, системдүү реформалар башталса дейбиз.

Экономика өнүгүп, мамлекеттик машина эл үчүн иштей баштады

“Кандай түстөгү мышык болсо да, чычкан кармаса болду” деп жаңыланган Кытайдын башкы архитектору айткандай, реформалардын, саясий чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары – экономикадан көрүнүүсү зарыл. Тилекке каршы, көз карандысыздыктан берки мезгилде дүйнөлүк коомчулук активдүү жардамдарды, колдоолорду көрсөткөндүгүнө карабастан экономикада башка республикалардай ийгиликтерге жетише албадык. Ага себептер: баягы эле коррупция, мыйзамдардын иштебегендиги, тартиптин жоктугу, башаламандыктар жана перманенттүү саясый туруксуздук. Инвесторлор демократия, адам укуктары жөнүндө кооз сөздөр көп айтылган жерлерге эмес, биринчи кезекте тартип бар жерлерге келишерин башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан көрүп атабыз.

Тилекке каршы, акыркы бир жарым жылдай убакыт тирешүүлөр, айрым деструктивдүү, экстремисттик көрүнүштөр менен өттү. Бирок аракеттеги бийлик ичтегилерди гана эмес, сырттагыларды да Кыргызстанда да мыйзамдуулук, дүйнөлүк коомчулукта кабылданган эрежелер бекем сактала тургандыгына ишендире алды. Ага мисал катарында быйылкы жылдын алгачкы жарымында эле чет өлкөлөр менен жалпы көлөмү 16 миллиард долларды чапчыган келишимдерге кол коюлгандыгын, экономикабыздын өсүү темпи алгачкы жарым жылдыкта 6 пайыздан ашыкты түзгөндүгүн көрсөтүүгө болот.

Бул жагынан алганда быйылкы жылдын өткөн мезгили ийгиликтүү болду. Анын негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акылары жогорулатылды. 1-октябрдан мугалимдердин эмгек акылары орто эсеп менен 30 пайызга көбөйтүлсө, пенсионерлерге да 300-400 сомдон кошулганы турат. Айрым категориялардагы жарандардын балдарынын менчик бакчаларга барган чыгымдарынын жарымын мамлекет өзүнө алууда. Быйыл жалпысынан 50гө жакын жаңы мектеп курулду жана курулуп бүткөнү турат. “Таза суу” долбоорун илгерилетүү, жолдорду куруп, оңдоо, жер-жерлерде чакан ишканаларды түзүү да ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Сооронбай Жээнбековдун акыркы бир жарым жылдагы элге эң пайдалуу иши – мамлекеттин бюрократиялаштырылган татаал машинасын элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө бурганга чындап киришти, алгачкы натыйжалары болууда. Алсак, тактама, аныктамаларды алуу, жардамдарга, жөлөк пулдарга документтерди даярдоо жөнөкөйлөштүрүлдү. Пенсияга чыга тургандардын документтерин соцфондулар чогулта турган тартип киргизилди. “Калкка кызмат көрсөтө турган мекемелердин көпчүлүгүндө “Бирдиктүү терезе” иштеп атат. Кагаз түрүндөгү документтер азайып, электрондук формаларга өтүүдө. Ишкерликке уруксаат бергенге, жөнгө салып көзөмөлдөп, тескегенге талап кылынчу документтер бир канча эсеге азайтылды. “Түндүк” долбоору илгерилеген сайын мамлекеттик жана муниципиалдык органдарда отчеттуулук, ачыктык, маалымдуулук, эл менен болгон байланыш жакшырса, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашкан жерлерде кырсыктар, тартип бузуулар азаюуда. Эң негизгиси, президент аймактарга чыкканда элдин көйгөйлөрү менен таанышып, суроо талаптарын, арыз даттанууларын угуп, аларды жеринде чечүүгө аракеттенүүдө. Өзүнө келген арыздардын дээрлик бардыгын өзү карап, көзөмөлдөп жаткандыгы мамлекет башчысынын 31-августтагы сөзүндө айткандай, “элдин үнүн угуп, журттун талабын аткарууга” чындап киришкендигин айгинелейт. Биз өз кезегинде президент “элдин үнүн” укпай, тапшырылган участокторунда сезилерлик натыйжаларды жарата албай, көбүнчө өз кызыкчылыктарын чечүү үчүн гана жүргөн жетекчилерден тезирээк арылуу керектиги баса белгилеп айткыбыз келет.

Ырыс алды – ынтымак

Ынтымак, биримдик, бүтүндүк – эгемендүү мамлекетибиздин гимни, герби, желеги, ар кимибиздин үйүбүз, үй-бүлөбүз сыяктуу кол тийгис ыйык нерселерден. Бардык цивилдүү өлкөлөрдө мамлекеттин атрибуттарын мазактагандар, шылдыңдагандар жазаланышат. Тилекке каршы, бизде демократияга, маалымдуулукка жамынып алышып, жердешчилик, уруучулук чакырыктар менен чыгышып, бир аймактын элин экинчи аймактагыларга кайраштыруу адат болуп баратат. Ага мурдагы бийликтердин бошоңдугу, шалаакылыгы жана жоопкерсиздиги да себеп болгондугун ачык айталы. Мисалы, биринчи качкын президентин тушунда илимдин айылына он жылда бир барган бир доктору трайбалисттик ич күптүлүк чакырыктарды жасап жүрүп, ардактуу наамды өндүрүп алганын жакшы билебиз. Андан кийин да канчалар жердешчилик, уруучулук ураандардын аркалары менен кызматтарга, наамдарга, сыйлыктарга жетишти. Андай терс көрүнүштөргө убагында катаал чаралар көрүлбөгөндөн улам тилекке каршы, ал модага, эриккендердин эрмегине айланып кетти. Бирок, элдин биримдигин, ынтымагын, мамлекеттин бүтүндүгүн антип оюн кылганга болбойт. Кокустан “оюндан от чыгып кетиши” мүмкүн экендигин эстен чыгарбайлы!

Россияда тарыхты бурмалагандарды, аны саясий кызыкчылыктардын өңүтүндө чечмелегендерди жазалоо максатында атайын мыйзам кабыл алынган. Эмне үчүн элибиздин андан да кымбат ынтымагына, биримдигине, елкөбүздүн бүтүндүгүнө ачыктан ачык доо кетирип, атүгүл трайбалисттик негизде кылмыш жасоого үндөгөндөргө каршы катаал чаралар көрүлбөй жатат?

Президенттин улуттук биримдикти, ынтымакты бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көздүн карегиндей сактоого басым жасагандыгы эң туура. Ынтымагы, биримдиги жок эл өнүкпөйт, өспөйт, мамлекеттигинин келечеги да ишенимдүү болбойт. Биздин терең ишенимибизде, Кыргызстанда бул маселе боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алынышы, жок дегенде Кылмыш жаза Кодексиндеги тийиштүү беренелер күчөтүлүшү кажет. Болбосо, мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына, биримдигине шек келтирүү ич күптүүлөрдүн оюндарына айланып калгандыгы Кой-Таштагы окуялардан ачык көрүндү.

Көч башындагыларга карап түзөлөт

Көз карандысыздыктан бери жемкорлукка каршы ураан-чакырыктар, каргыштар аз болбоду, атүгүл убагында “Таза кол” деген программа да кабыл алынган. Бирок алардын баары күткөндөй натыйжа бербеди, эмне үчүн дегенде мамлекеттин башында тургандар өздөрү жемкорлукка аралашкандардан эле. Алар таза болбосо коом кайдан таза болот?

Кыргызстандын тарыхындагы А.Масалиевдей таза инсан Сооронбай Жээнбеков экендиги шексиз. Атаандаштары, жаман көргөндөрү анын артынан эки жылдай компромат издеп, жерлер, хан сарайлар, мүлктөр түгүл кымбатыраак автоунаа да таба алышпады. Таза деп ушуну айтыш керек! Ушундай адамдын гана “бийликтин тазалыгы аба менен суудай керек. Бийлик таза болсо – эл аны дайыма колдойт, ал өзү таза болбой туруп, тазалыкты башкалардан талап кыла албайт” деп айта алат. Аракеттеги президенттин башкалардан тазалыкты катуу талап кылып, ага көнгүсү келбегендерге карата катаал чараларды кергөнгө толук моралдык укугу бар. Көч баштагандарга карап түздөлөт дегендей, мамлекет башчыбыздын жигердүү аракеттеринин натыйжасында өлкөбүздөгү улуттук трагедияга айланган коррупция азайып, экономика ишенимдүү, динамикалуу өнүгүү жолуна түшөт деп ойлойбуз. Анткени, экономикабыздын очорулуп өйдөлөй албай жатуусуна бийлик бутактарынын баарын сары чырмооктой чырмаган коррупция себепкер болуп келгендиги эч кимге жашыруун эмес.

Президенттин 31-августтагы  сөзү менен таанышкандан кийин мына ушундай оптимисттик ойлор келди.

Двтандил Б

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: