Menu

Депутат Төрөбай Зулпукаров: “2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн, ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок”

Бөлүшүү:

Нарын районуна караштуу Кеӊеш айылындагы контейнер-мектептин ачылышы социалдык түйүндө катуу талкуу жаратып, Өкмөттүн дарегине ачуу сындар айтылды. Кеӊеш айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна жаӊы имарат куруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Депутат Төрөбай Зулпукаров жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго ушундай собол салды.

«2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ага Жогорку Кеӊеш макулдугун берген болчу. Ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок. Өкмөт бул маселеге көӊүл буруп, мектептерди кура башташы керек», – деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу өлкө аймагында авариялык абалдагы мектептер көп экенин, ошондой эле үч кезекте окуткан мектептер да бар экенин баса белгиледи. «Мен шайлоочулар менен жолугушканда мындай маселе көп көтөрүлөт. Мектептин имараты жараксыз болсо, ал көйгөйдү эптеп чечиш керек да. Мектептердин курулушуна коррупция менен күрөшүүнүн бирдиктүү депозиттик эсебинен алса болот. Анда азыр 1 млрд 443 млн сом каражат топтолду», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: