Menu

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Курулушу башталган мектептерге каражат бөлүүнүн алгылыктуу системасы жок болуп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында бир топ эл өкүлдөрү жер-жерлердеги курулушу башталып туруп калган мектептердин көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов Өзгөн районунун Бостон айылындагы мектеп 2014-жылы окууга жараксыз деп жабылып, ошондон бери окуучулар чатырларда, үйлөрдө окуп келе жаткандыгына токтолуп, ошол 2014-жылы курулушу башталган мектеп дале бүтө электигин ортого салды. Депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы Ломоносов атындагы мектеп дагы ушундай абалда экенин кошумчалады.

«Курулушу башталган мектептерге каражат бөлүүнүн алгылыктуу системасы жок болуп жатат. Каражат бөлүп-бөлүп берилип отуруп, мектеп курулуштары 10 жылдап бүтпөй келүүдө»,- деген депутат Руслан Казакбаев бир катар мектептерди мисалга тартты.

«Суусамыр өрөөнүндөгү алты айылдын биринде дагы маданият үйү жок»,- деген депутат Тынчтык Конушбаев өткөндө айылдардын бирине маданият үйүнүн пайдубалы түптөлгөндүгүн, бирок ошол бойдон курулуш токтоп калгандыгын Өкмөттүн астына койду. Эл өкүлү Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушун тездетпесе эл кыйналып кеткендигин кошумчалады.

Депутат Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Башат айылындагы мектептин курулушу 85-90% бүтүп калганы менен курулуштун жыйынтыкталышына тиешелүү каражат бөлүнбөй токтоп калгандыгын Өкмөттүн астына койду. Ошону менен катар эл өкүлү Жайыл районунун Ийри-Суу айылындагы мектептин курулушу пайдубалы түптөлгөн бойдон туруп калгандыгын, Панфилов районунун жыйындар залы дагы бүтпөй келе жаткандыгын кошумчалады.

Депутат Алмазбек Эргешов Аксы районундагы Өзбекстан менен чектеш Дейре-Сай айылындагы эл таза сууну канчалаган алыстыктан ташып ичип жаткандыгын, Кара-Суу, Авлетим айыл аймактарындагы мектеп курулуштарына каражат бөлүнбөй жаткандыгын Өкмөттүн астына койду.

Депутат Тынчтык Шайназаров Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү таза суу, бала бакча маселелери боюнча Өкмөткө жазган каттарына терс жооптор келгенине нааразычылыгын билдирди.

Социалдык обьектилердин курулушун каржылоо жылдын 3 кварталына чейин созулуп кетүүдө. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Уланбек Примов, айрыкча, бийик тоолуу райондордун социалдык обьектилерин курууга каражат август, сентябрь айларында бөлүнсө, курула турган обьектилердин сапатына кепилдик берилбестигин баса белгиледи. Эл өкүлү социлдук обьектилерди жылдын март айынан кеч калбастан каржылоо маселеси боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: