Menu

Фото – Бишкекте ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти өттү

Бөлүшүү:

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун биргелешкен ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган камералык оркестр ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 27- Туруктуу Кеңешинин чечими менен 2010-жылы түзүлгөн. ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестрине түрк тилдүү элдердин алдыңкы консерваторияларынын таланттуу бүтүрүүчүлөрү тандалып алынган. Бүгүнкү күнгө чейин, оркестр Европанын, Американын жана Азиянын 30 дан ашык өлкөлөрүндө 60 тан ашык концерттер уюштурулуп, эл аралык аренада абдан белгилүү жамааттардын бирине айланды.
ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин башкы өзгөчөлүгү – репертуарларынын негизги бөлүгү түрк тилдүү элдердин композиторлорунун чыгармаларынан түзүлгөндүгүндө. 

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган концерт , Казакстан Республикасынын Туркистан, Шымкент жана Тараз шаарларында өттү, эми Азербайжандын Баку шаарында 9- сентябрь күнү тартуулайт. Аталган оркестр жалпы 7 концерт тартуулайт.

Эске салсак, аталган оркестрдин курамында Кыргызстандан Талантбек Молдоканов, Аккыз Идрисова, Нурай Жолбунова жана Айжан Канатбек сыяктуу талантуу жаштар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: