Menu

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады

Бөлүшүү:

Тажикстанда чет өлкөдөн келген 50 килограммдык бир кап ундун баасы 200 сомониден (20 доллар) ашты.

Өлкө аймактарында бир жума мурда 180 сомониден сатылып жаткан бир кап ундун баасы 210 сомониге чейин жогорулады. Душанбе базарларында 165-175 сомони турган бир кап ун учурда 185-195, айрым жерлеринде 200 сомониден сатылууда.

Ишкерлер баанын жогорулашын ун көп алынып келинген Казакстандын өзүндөгү ун тартыштыгы жана доллардын курсунун көтөрүлүшү менен түшүндүрүп жатышат.

Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Шухрат Ибодов мекеме учурда ундун кымбатташынын себептерин аныктап жатканын билдирди. «Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер базарларга чыгып, абалды анализдеп жатышат. Жакынкы убактарда баалардын жогорулашынын себептерин аныктап, жарыялайбыз», — деди ал.

Акыркы бир жылдын ичинде бул Тажикстанда ундун бешинчи жолу кымбатташы. Өлкөгө бир жылга 2 миллион тонна ун керек болсо, анын 1 миллион тоннасын ички өндүрүүчүлөр камсыздайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: