КТРКнын экс-башкы директору Илим Карыпбеков соцтармактын активдүү өкүлүнө айланган. Бирде карыган таенеси менен маектешсе, кээде бийик чокуларды багындырып, өзүн жарнамалайт. Велосипед да тээп кетмейи бар. Албетте, мындай жүрүштөрү жеке пиар үчүн зериккендеги амалдары катары бааланса керек. Ал эми Карыпбековдун кечээги КТРКдагы ишмердигине баа бербейлиби? Өмүрбек Текебаев камалганда Маевскийди «былжыратып», кандай каралады эле? Бүтүндөй кыргыз элинин астында “жугундуну” ченебей төккөнү унутулуп калдыбы? “Белизгейтчи”? Бул жагы да ыксыз жамандоо болгон да, туурабы? Мына ушундай “ылаңдуу иштердин” башында турган Илим Карыпбеков бүгүн чартаңбай тээп, соцтармакта жылдызга айланып жүрөт. Мораль деген кайда? Теңирден тескери кылыктары үчүн качан жооп берет?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ