Menu

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Коррупцияны жалаң эле жазалоо жолу менен жеңүү мүмкүн эмес”

Бөлүшүү:

-Руслан Айтбаевич, Украинада Конституцияга өзгөртүү киргизилип, “депутаттарды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген эреже алынып салынды. Кандай дейсиз, ушундай кадам бизге да керекпи?

-Азыркы соттордун, укук коргоо органдаынын ичинде коррупция аябай сиңишип кеткен да. Кээ бир учурларда саясатчылар, ошонун ичинде депутаттар кайсы бир маселелерди ачык-айкын көтөрүүдөн чочулап калышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселени алып чыгып, коомдо, парламентте талкуу кылып, анан жыйынтыкка келсек болот. Керек болсо, бул жана башка маселелер боюнча референдумдарды өткөргөндөн коркпош керек. Биздин референдум институту көп маселелер боюнча жакшы иштей элек. Эгер коомчулукта Жогору Кеңешкеби, же өкмөткөбү чоң бир маселелер коюлуп, бирок кандайдыр бир себептер менен чечилбей жатса, анда референдумга алпарыш керек. Себеби, бийлик булагы эл. Эл чечет.

– Биз кол тийбестикти алып салуу тууралуу сөз болгондо Европаны мисал келтиребиз. Бирок, ал жакта ар кандай жаран кол тийбестиги барбы-жокпу, мыйзаманы коргоп аларына ишенет. А бизде азырынча андай болбой жатпайбы…

– Эми коррупцияны жеңиш бир күндө болбойт да. Бизде коррупция баардык багытка тамырлашып кеткен. Бул чоң бир илдет, оору. Муну жөнөкөй жарандан баштап, президентибизге чейин биргелешип иштешкенде гана жеңе алабыз. Анан коррупцияны жалаң эле жазалоо жолу менен жеңүү мүмкүн эмес. Маалымдоо жолу менен ар бир жараныбыздын аң-сезимине жетиш керек. Коррупция – бул бизге эмес, эң ириде биздин урпактарыбыздын тамырына балта чабуу экенин түшүнүүгө тийишпиз. Жалпы жапатырмак иштесек, ошондо коррупцияны жеңе алабыз. Ал жөнүндө канча сөз болуп, илимий китептер жазылууда, бирок, реформалар жүрүп, экономика өсмөйүнчө, социалдык жагдайлар, элдин турмушу жакшы жагына өзгөрмөйүнчө, коррупция боло берет да. Себеби, азыр соттор же мамлекеттик кызматкерлер 10-15 миң сомго кантип жашап жатат деп ойлойсуз? Бул риторикалык эле суроо. Машиналар кантип алынып, заңгыраган үйлөр кантип салынып жатат? Мен эч кимди күнөөлөгүм келбейт, бирок ошол айлыкка чыдап туруп же мамлекеттик кызматта иштеш керек, же азыр кенен мүмкүнчүлүктөр бар, ишкер болуп кетиш керек. Өздөрүнүн өндүрүштөрүн ачышсын, дыйкан болуп иштешсин, соода-сатык кылышсын. Ар бир кыргыз жараны өзүнүн жуурканына карап бутун сунганды үйрөнгөндө, өзүнүн кирешесине жараша гана чыгашасын жасаганда, ошондо коррупцияны жеңүүгө биринчи кадам башталат.

– Партиялашыңыз катары Өмүрбек Бабановдун үстүнөн козголгон иштер боюнча эмне айта аласыз?

-Мен партиялаш катары бир гана нерсе айта алам, Өмүрбек Токтогулович бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт дегендей, ал өзүнүн ийгилик тарыхын өзү жараткан кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири. Саясатта дагы, ишкерликте дагы, мамлекеттик кызматта дагы өзүнүн ийгилик тарыхтарын жаратты. Бир нече чакырылыштардын депутаты болду, премьер-министр болду. Ал Кыргызстанда жеке ишкерлердин тизмесинде эң алдыңкылардын бири болуп турат, туурабы? Эми саясатка аралашкандан кийин ушундай жагдайга туш болду. Мен ойлойм жана ишенем, укук коргоо органдары, соттор адилеттүү, калыс карап, жакшы жыйынтык болот деп. Кыргызда жакшы сөз бар го, “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген. Баарын убакыт көрсөтөт.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: