Камакта отуруп чыккан Дүйшөн Чотонов жолдошчулукка бекем, сатпаган инсан катары бааланууда. Ал өз жанын ойлоп, тергөөгө маалымат берип, Текебаевге күнөөнү оодара салуу менен башында эле кутулуп кетсе болмок. Бирок, анын жигитчилик абийири жол бербеди. Эки жарым жылдай акыйкат издеп, абакта отурду. Дүйшөн мырза саясатчы болуудан да мыкты адамдын үлгүлүү образын элибизге көрсөтө алды. Эң оболу, адам болуу кыйын экенин эске алсак, мына ошол улуулукту турмуш жүзүндө далилдеп берди. Жөнөкөйлүктүн мисалында эле бийик баалуулукту айгинелеп койду да. Жоого, чалгынга барсаң Чотонов менен аттан, эч убакта таштабайт, сатып да кетпейт! Тилекке каршы, кыргыз саясатчылары дал ушундай сапаттардан аксап келгени өкүнүчтүү…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ