Menu

Орусиялык олигарх түркмөн президентинин мунайгаз боюнча эксперти болуп дайындалды

Бөлүшүү:

29-августта Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов эл аралык «АРЕТИ» компаниялар тобунун жетекчиси, орусиялык олигарх Игорь Макаровду Түркмөнстан президентинин мунайгаз маселелери боюнча кеңешчисинин алдындагы эксперт кызматына дайындады.

АКШ Каржы министрлиги 2018-жылы январда Игорь Макаровду санкцияга киргизилген орусиялык олигархтардын тизмесине кошкон.

Forbes журналынын маалыматына караганда, Түркмөнстандын мунайгаз секторунда таасирдүү ролго ээ орусиялык олигарх 2,1 миллиард АКШ долларына тете байлыкка ээ.

Мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Макаров кызмат үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстанда төрөлгөнүн жана велоспорттун ышкыбозу экенин айткан.

Игорь Макаров Орусиянын велосипед спорту боюнча федерациясынын жетекчиси болуп эсептелет. 2015-жылга чейин «ИТЕРА» деп аталган «АРЕТИ» компаниясы 1990-жылдары түркмөн газын Орусия аркылуу экспорттоодо маанилүү роль ойногон.

2010-жылы кеңсеси Лондондо жайгашкан Global Witness уюму «ИТЕРА» компаниясы Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовго 60 миллион АКШ долларына тете «Галкыныш» кемесин белекке бергенин маалымдаган.

Макаров Түркмөнстанга жазында келгенде өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары анын Бердымухамедов менен Ашхабадда сейилдегенин көрсөтүшкөн. Жолугушуудан кийин орусиялык олигарх түркмөн лидерине жаңы үлгүдөгү велосипед белек кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: