Menu

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Биз экономиканын ташын ылдый кулатабыз…”

Бөлүшүү:

– Кожобек Жайчыбекович, бая күнү комитеттин жыйынында сиз дагы бир жолу “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмазбек Алимбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылдыңыз. Ал эмне үчүн отставкага кетиши керек?

– «Ээлеген орду каралсын» деген комитеттин чечими бар. Ал аткарылышы керек. Анткени, мен жалгыз чечпейм да. Комитет – бул коллегиалдуу орган. Депутаттар чогуу карап, чечишет. Биз «Кыргызалтынды» караганда көпкө чейин отчетун бербей, качып, келбей жүрүп, анан келген. Муну биринчиден, “игнор” деп коёт. Экинчиден, мына кечээ да келбей коюшту. “Солтон-Сарыга менин тийешем жок” деп атпайбы. Кандайча тийешеси жок? Комбинатта иштеген балдар ошол акцияларга катышып жүрүшөт. Алар катышкан соң, буга “Кыргызалтындын” да тийешеси бар. Ал жерге эки комбинаттын кереги жок. Коңгуроо кагып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу. Булар болсо бир да жолу кат жазып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес. «Эки комбинаттын кереги жок. Солтон-Сары комбинаты турат, ошонун базасында эле куралы, бизге кайра иштеткенге же кызмат көрсөткөнгө төлөгүлө” деген сунуштар болгон эмес.

Демек, «Кыргызалтындын» жетекчиси кайдыгер мамиле кылган. Макмал да ушунтип атып, комбинатта иштеген балдардын “кулактары” чыгып атып жок болду. Эми Солтон-Сары да ушуга келатат. Ушундан улам бизге андай жетекчинин кереги барбы-жокпу (?) деген маселе туулуп атат. Кечээ бизге келип жооп берсе болмок. ИИМдин өкүлү айтты, «Солтон-Сары комбинатында иштегендердин дагы катыштыгы бар экендиги тастыкталып атат, бирок, бул боюнча кийин айтабыз» деди.

– “Кой-Таш окуяларына катышкандар да бар” деген маалыматтар айтылып жатат? 

– Кой-Ташка катышкандары да бар, Солтон-Сары комбинатында иштегендери да бар. Мүмкүн “Кыргызалтындын” аларды кубалап ийип, өзүбүзгө алсакпы” деген да ойлору бар болсочу? Комбинаттын жетекчилери менен мастерлер сатып жүргөндүгү боюнча да фактылар бар.

– Эми комитет бул боюнча кандайдыр бир иликтөө жүргүзөбү?

– Бирдеке болсо эле депутаттык комиссия түзүп, «иликтөө жүргүзөбүз» деген туура эмес. Биз тергөө органы эмеспиз да. Биз өкмөткө бердик, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал жерде мындай да… бир эле кытай тараптан кеткен жок. Минте берсек, биз экономиканын ташын ылдый кулатабыз. Ошон үчүн калыстык кылып, туура чечиш керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: