Menu

Кайыргүл Жоошбаева, Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин бөлүм башчысы: “Кант диабетине чалдыккандардын саны расмий маалыматка караганда алда канча көп”

Бөлүшүү:

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылдын 1-январына карата өлкөдө 57 миң адам кант диабети менен ооруп, каттоодо турат. Бирок, иш жүзүндө алардын саны 3-4 эсеге көп. Болжолдуу түрдө аталган дартка чалдыккандардын саны 200 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин бөлүм башчысы Кайыргүл Жоошбаева төмүндөгүдөй пикирин билдирди.

– Кайыргүл айым, кант диабети менен кайрылгандардын саны канча жана кандай белгилерден улам дартты байкаса болот?

– Ооруга чалдыккандардын саны көбөйүп жатат. Диабет дартынын биринчи белгилери — адам тез суусай баштайт, бат-баттан заара кылгысы келет, дене кычышып, арыктайт, көздүн көрүүсү начарлап, буттар ооруксунат. Бирок, бул белгилер анчалык билинбей жүрүшү мүмкүн. Убагында бул белгилерге көңүл бурбай жүргандөр да көп кездешет. Ошондуктан диабетке чалдыккандардын саны расмий маалыматка караганда алда канча көп экенин болжолдоп жүрөбүз. Кант диабетинин жаралуусун шарттаган биринчи кезекте аз кыймылдуулук болуп эсептелет, туура эмес тамактануу, стресске чалдыгуу, тукум куучулук да жактары бар. Мындан сырткары, ичимдик ичүү жана чылым чегүү да пайда болгон илдеттин тез өрчүп кетишине шарт түзөт.

– Кант диабети дагы тукум кууйбу? 

– Тукум кууй турган кант диабети дагы 1-типтеги жана 2-типтеги болуп экиге бөлүнөт. І-типтегисинде атасы дагы, апасы дагы кант диабетине чалдыкса, тукум кууп, бул дарт баласына дагы өтөт. Ал эми 2-типтеги тукум куучу кант диабетинде бир үй-бүлөдөн атасы же апасы эле кант диабети менен ооруса, сөзсүз балдарына өтөт. Демек, экинчи типтеги тукум куучу кант диабети коркунучтуурак.

– Кант диабети дүйнө жүзүндө. Акыркы жылдарда дүйнө жүзү боюнча кант диабети менен ооруган 450 миллион адам катталган.

-Көк түс. Ар бир жылы 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Бүткүл дүйнөлүк диабет күнүн белгилеп, көк оттор күйгүзүлүп турат. Дүйнө боюнча көк түс кант диабетинин символу болуп эсептелет жана Бүткүл дүйнөлүк диабетикалык коомунун диабетке каршы бириккендигин билдирип турат.

-Кант диабетинен каза тапкан атактуулар. Кант диабети өлүмгө себепкер оорулардын 3-орунунда турат. Айрым адамдарга инфаркт, инсульт, көздүн көрбөй калуусу ж.б. дарттарды кант диабети алып келет. Мисалы, Эдгар По, Эрнест Хеменгуей, Баскин Робинс, Юрий Андропов жана башка адамдар. Кыргыздын белгилүү жазуучусу Мелис Убукеев кант диабетине чалдыгып, дарты өтүшүп, эки бутун кестирип каза тапкан.

-Кант диабетин көтөрүүчү азыктар: кант, бал, варенье, түркүн түстүү таттуулар. Жемиштердин өтө таттуулары: жүзүм, банан жана майлуу, ачуу, туздуу, консерваланган тамактар, алкоголдук ичимдиктер.

-Пайдалуу азыктар: кант диабетине чалдыккан адамдар тез-тез, бир күндө 5-6 жолу тамактануусу керек. Майлуу эмес этти, тоок этин, балыкты кайнатып жеген пайдалуу. Күрүч, гречка ботколорун жана жумурткадан ар түркүн тамактарды жасап жеген оң. Жашылчалардан картошка, кызылча, сабиз, бадыраң, помидор. Жемиштерден алма, апельсин, лимон ж.б. Суюктуктан сүт чай, көк чай, күчтүү эмес кофе жана помидор ширеси пайдалуу.

-Симптомдору: кант диабетине чалдыкканын 5-6 жылдап билбей, качан гана дарт кыйнай баштаганда дарыгерге кайрылгандар кездешет. Төмөндөгү белгилерди байкасаңыз дароо дарыгерге кайрылыңыз:

-тез-тез тамагыңыз кургайт, суусайсыз;

– чарчаңкы, алсыз болосуз;

– көздүн көрүүсү начарлайт. Көздү ак баса баштайт;

– баш тегеренет;

– буту-кол чымырайт;

– таттуу тамактарды көп жегиңиз келет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: