Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков: “Эми республикалык Көчмөндөр оюндары жыл сайын бир областта өтүп турат”

Бөлүшүү:

“Биз эми мындан ары республикалык Көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылтуу үчүн ар жылы ар региондо өткөрүүнү чечтик. Быйылкы жылы республикалык Көчмөндөр оюндарын Манас атабыздын ыйык ордосу болгон Талас облусунан баштайлы деп турабыз”, – деп билдирди КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушууда.
“Анан эстафета менен келип ар бир региондо өтө баштайт, буйруса Жалал-Абадга да келип калат. Көчмөндөр оюндарын биз улантышыбыз керек. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бизде 3 жолу өттү, эми Түркияда өтөт, андан кийин башка мамлекеттерде өтөт. Аларга биз даяр болушубуз керек, ата-бабалардан калган оюндарда биз ар дайым алдыда болушубуз керек. Ошон үчүн биз бул оюндарды жылда өткөрүп, ошондо ата-бабалардан калган оюндар өркүндөп кетет. Кийинки муундарга, жаштарга биз жакшылап өткөрүп беребиз андан ары”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: