Menu

Кудайбердиеванын отставкасынын сыры эмнеде?

Бөлүшүү:

Билим берүү министрлигин үч жыл жетектеген Гүлмира Кудайбердиеванын капысынан өз каалоосу менен отставкага кеткени жөн жерден эмес экен. Ал мындай кадамы менен коррупциянын жүзүн азыраак ачып койду. Мындай шек депутат Рыскелди Момбековдо жаралууда.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура жакында эле окуу китептеринин маселеси боюнча кылмыш ишин козгогонун жарыялаган.

Депутат министр айымдын отставкасынын эки себебин белгиледи:

“Ушул фактыларга көңүл бурууңуздарды суранат элем. Мага бир катар басмаканалардын жетекчилери “Учкун” ААКсынын башчысы Даир Кенекеев боюнча кайрылышты. Алардын 1-2-класстар үчүн орусиялык автордун математика китебин сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин мыйзамдуулугу тууралуу суроолору бар экен. Эмнеге кыргызстандык окуучулар орусиялык автордун китеби менен окушу керек?

Экинчиден, каржылоо маселеси. Бул окуу китептерин сатып алууга республикалык бюджеттен 90 млн сом бөлүнгөн. Бирок окуу китептин өздүк наркы 45 сом турат. Башкача айтканда, бюджеттен ашыкча алынган 45 миллион сом коррупцияга жол ачкан. Бул жерде жеке адамдардын кызыкчылыгы роль ойногон. Ошондуктан министр отставкага кеткенге шашты. Бирок ал кечигип калды. Кызматын эртерээк тапшырышы керек болчу”, – деди депутат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: