Menu

Атамбаев жана Пархатинин “аферасы”

Бөлүшүү:

Атамбаевге НПФ “Форумду” сатуу жолу менен мыйзамсыз акчаларын адалдаштыруу болгон деп кылмыш иши ачылып, азыр тергөө жүрүп жатат. Атамбаев “Форумду” кимге, кандай жол менен саткан? “Форумду” сатып алган чыныгы адам ким? Бул суроолорго жооп табуу көпчүлүктү кызыктырат болуш керек. Биз жооп тапканга аракет жасадык.

Алгач Атамбаевге 26 жашында “сыйкырчы” өнөктөш болгон уйгур улутундагы Субихи Пархати жөнүндө кеп кылууга туура келет. 26 жашында экс-президентке бизнес-өнөктөш болгонго жетишкен Субихи Пархати Кара-Балта шаарында кытайлык уйгур тектүү үй-бүлөдө 1991-жылы төрөлөт. Болочокто Кыргызстандын президентинин өнактөшү болчу Пархати 3 жашка толо электе, атасы апасын кызганычтын айынан өз колу менен мууздап салган деген маалымат бар. Ошондон улам, Пархатини тайатасы алып кетип, Үрүмчүдө чоңойткон. Атамбаевдин табышмактуу өнөктөшүнүн Кара-Балтада калган тайэжесинин сөзүнө ишенсек, Субихи сабатсыз, кыргызча, орусча жаза албайт, чөнтөгүндө “маршруткага да акчасы жок” бала. Эл таңкалгандай “доллар менен мультимиллионер” эмес.

Өз аялын мууздаган кылмышкер атасы Казакстанга качып кеткенден кийин, кээ бир маалыматтар боюнча уйгур тектүү Алижан Ибрагимовдун жакын санаалашы болууга үлгүрөт. Чоңоюп калган уулу Субихи менен элдешип, ага казак паспортун алып берип, улутун казак деп жаздыртып коёт. Ошол баланы “подставное лицо” катары алгач Атамбаевдчн “НПФ Форум” фирмасынын 50 пайыз акциясын кийинчерээк 100 пайыз акциясын жаздыртып, экс-президентке эбегейсиз чоң каражаттарды “фирманы сатканынан адал тапты”деп легалдаштырып беришет. Бул азыркы күнү Атамбаевге каршы коюлуп аткан дооматтардын негизгиси болуп турат. Мындан сырткары, Субихи Пархатинин атына миллиард долларга бааланган Терек-Сай сурма кени да катталганын эске салууга туура келет.

Башкы прокурор Жогорку Кеңеш түзгөн Атамбаевдин кылмыш иштерин иликтеген атайын комиссиянын корутундулары тууралуу сүйлөгөндө, мындай деп айткан:

– Атайын комиссиянын корутундусунун алтынчы пунктунда 2010-2018-жылдардагы Атамбаевдин бирдиктүү салык декларацияларын изилдөө учурунда төмөнкүлөр аныкталды.

Атамбаевдин 2017-жылдагы декларациясында 54 млн сом өлчөмүндөгү Пархатиден түшкөн киреше чагылдырылган. Башкача айтканда 2017-жылы Пархати тарабынан Атамбаевдин “Форум” жоопкерчилиги чектелген коому сатып алынган. 2016-жылдын 16-январынан тартып Пархати инвестициялык компания Хуа-синь жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу болуп эсептелинет. 2015-жылдын 8-декабрында Токтосун Түмөнбаев тарабынан Хуасинб инвестициялык компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун кайра каттоосу ,үчүн 247 сом өлчөмүндө акча каражаты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эсебине которулган. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сурма иштетүүгө укук берүүчү лицензияга бонус катары каралган 1 млн 588 миң сом акча каражаты бул жагдайлар Пархати менен Түмөнбаев аффирлирленген адамдар экендигин тастыктайт.

Атамбаевдин 2017-жылкы декларациясында Пархатиден алган 54 млн сом кирешеси көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, 2017-жылы Пархати Атамбаевден “Форум” жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алган деген күнөө коюу боюнча:

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 519-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясынын бул факт боюнча күнөөсү негиздүү коюлган жана чогултулган материалдар менен далилденет.

Мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрдү адалдаштыруу максатында Атамбаев бир нече активдерди курулай “мнимый” келишимдер менен саткандыгын көрсөтүп, чындыгында ал активдер Атамбаевдин менчигинде калган.

Азыркы күндө чогултулган маалыматтарды эске алганда, Пархатиге жазылган мүлктөр жана компаниялар иш жүзүндө Атамбаевге тийешелүү экендиги жана Пархати жөн эле анын атына мүлктөрдү жаздырып койгон адам экени көрүнүүдө. Жазык иштин материалдарында өзгөчө оор кылмыштардын белгилери бар экенин көрсөткөн маалыматтар жетиштүү. Тактап айтканда, мүлктөр менен байланышып, курулай мнимый бүтүмдөрдү түзүү, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз тапкан акча каражаттарын адалдаштыруу жана өзүнүн бийлик ыйгарым укуктарын материалдык баалуулуктарды алууга, пайдалануу максатында бийлик укуктарына ээ болгон кызмат адамдары менен укукка каршы байланышты түзүү, натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга коркунуч жана зыян келтирген фактылар бар.

Бул башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзү. Кыргызча, орусча жазганды билбеген Пархатини Атамбаевге ким алып келди? Атамбаев сабаты жакшы жоюлбаган жаш бала менен бизнес-өнөктөш болууга өзү макул болгонбу? і

Атамбаевге коюлуп жаткан айыптардын дагы бири Бишкек ЖЭБге мыйзамсыз көмүр ташып келүү. Мурунку президенттин учурунда Бишкек ЖЭБге көмүр сатып алууда Болот Абировго таандык болгон “Прогресс компани” жана “Рассвет компани” ЖЧКлары тендерден жеңүүчү болуп таанылып турган. Бул компания “Шабыркуль көмүр” кенинен көмүр ташып келген. “Шабыркуль көмүр” кенинин кожоюну уйгур тектүү Алижан Ибрагимов. Субихи Пархатинин атасы Алижан Ибрагимовдун жакын кишиси болууга жетишип, баласын жанына чакырып, казак паспортун алып берип жатпайбы. Демек, Пархати Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү болуп калуусу жөн жерден эмес. Олигарх Ибрагимов Пархатини экс-президентке таандык “Форумду” сатып алды кылып, өзү көмүскөдөгү бизнес-өнөктөшү бойдон кала берген. Атамбаев менен Ибрагимовдун мамилеси бар экенине Алижан Ибрагимов Атамбаевдин 60 жашка чыккан юбилейдик тоюнда ардактуу конок болгонун мисал келтирсек болот. Пархати жөн гана мүлктөрдү жаздырып койгон адам. Ал Атамбаевдин “Форумун” сатып алганын, канча акча төлөгөнүн деле жакшы билбесе керек. Атамбаев ушундай афералык жол менен мамлекеттен уурдаган акчаларын адалдаштырууга аракет жасаганы эми ачыкка чыгууда.

Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: