Menu

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүүдө

Бөлүшүү:

Быйыл Кыргызстан 16-19-сентябрга чейин Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле спорттук оюндар менен кошо маданий иш-чаралар дагы өтмөкчү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 5-сентябрда улуттук маданий борборунун кызматкерлери Таласка кетишти. Алар акыркы даярдык иштерин көрүшөт.

Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу. 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталса, 19-сентябрдан тарта маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Жалпысынан 4 күнгө созулган иш-чарада ар бир облус 7ден үй тигишет.

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчулөр базары жана башка кептөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р. Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Кыргызстан көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын 5 ирээт катары менен өткөрдү. Ал эми IV дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Түркия өткөрүү эстафетасын колго алган. Бул иш-чара 2020-жылы өтүүсү пландалган.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: