Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Архитектор союздарынын эл аралык ассоциациясынын (МАСА) XXVII координациялык кеңеши өтүп жатат.
Ага дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнөн келген архитекторлор союздарынын өкүлдөрү катышууда.
МАСАнын координациялык кеңешинин алкагында КМШ өлкөлөрү менен Сербиянын мыкты архитектуралык долбоорлору менен курулуштарынын сынагы да өтөт.
Координациялык кеңештин ишине КР өкмөтүнүн вице-премьер-министри Кубатбек Боронов катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ