Menu

Болбой калган мамлекеттик төңкөрүш… же кан менен бийликке келип, кан төгүү менен кеткен Алмаз Атамбаев

Бөлүшүү:

Арашан айылында Догдурбек деген турган-турпаты менен тубаса демократ, чындыкты бетке айткан аксакал бар. Мурдагы президент Алмаз Атамбаев экөө айылдаш. Акыркы кездерде Атамбаев эч кимди көзүнө илбей, өзүн Кудай сезип бийликти теңине албай, мыйзамдуулукка ээ-жаа бербей, бийликти да тоготпой өз билгенин жасап келди. Бир көчөнүн жиндиси болсо деле, айылдын аксакалдары тыйып койчу эле. Биздин, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Манас орденин алган атактуу адамдарыбыз, биздин интеллигенциябыз Атамбаев Кой-Ташта жатып алып, элибизди түндүк-түштүк кылып, экиге бөлүп жатканда, ныпым сөз айта албай коюшту. Биздин коркок, мажирөө интеллигенциябыз Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин доорунан бери страустай кумга баштарын катып, мындай терс көрүнүштөргө өз пикирлерин айтпай, мококтугун көрсөтүп келишет. Интеллигенциябыз тап душманынан да жаман болуп кетти. Мамлекеттин тагдыры кылдын учунда турган кезде, башы көрүнгөн илим-билимдүүсү элге кайрылып үн катып, Атамбаевге окшогон журт бузарларды тыйып койгонго да жарашпады. Кыргыз элине башы көрүнгөн бирөөсү, элдин арасынан суурулуп, “Алмаз Шаршенович, элди экиге бөлүп туура эмес иш кылып жатасыз! Элди бөлгөндү токтотуңуз!” – деп бет мандайынан оро-пара чыгып чындыкты айткан кашкөй бирөө чыга албады. Улутубуздагы эң жаман сапат, бул кайдыгерлик! Биздин элибиздин трагедиясы мына ушул жерде жатат.

Атамбаев кайрадан, бийликке келип калат дешип, ага сын айтып, сүйлөгөндөн коркушту. Эркиндик гүлбагында пейил күтө, кериле басып, короздонуп, кооз сүйлөп жүргөн интеллигенция серөйлөргө караганда, ачык сөздү Догдурбек агабыз “Атамбаев Кой-Ташка үй эмес, өзүнө түрмө салып алды!”-деп биздин гезитке бир жылдай мурун маек берген эле. Балекеттин баарын уюштурган, ушул айылдын тургуну Атамбаевдин болгону өкүнүчтүү болду.

Аталык болгусу келген Атамбаев

Көрсө, Атамбаевдин башкы максаты аталык болуу экен…

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: – “Сооронбай Жээнбеков талапкер, ал эми Атамбаев саяпкер болгон,” – деп тапандык кылып, так айткан сөзү бар. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков өз атаандаштарын утуп алдыга оозуп чыкты. Ошого карабастан Алмаз Атамбаев, президент Жээнбековду секретаршасы менен шопуруна гана тили араң өткөн, чет өлкһлүк сый конокторду тосуп алуучу жетим жүгүрүк “президент” кылып, өлкөнү башкарууда езүнө ылайыктап аталык системасын киргизүүнү ойлонгон. Ал эми, өзүнүн “кандашы” түпкү теги өзбек, “ляппай” деп шыпылдай басып, Атамбаевдин тилинен чыга албаган, көзүнүн кареги менен тең айланган коррупциялык “табакташы” Сапар Исаковго эки тизгин бир чылбырды бермек болгону эми ачыкка чыга баштады. Бул кокустук эмес, атайын дыкат ойлонуштурулган план болгон. Алмаз Атамбаев Кокон хандыгынын учурундагы тарыхты абдан өздөштүргөн адам экени талашсыз. Анын ата-бабалары да Шералыханды өлтүрүп коюп Чүйгө качып келип, мурдагы премьер-министр Азим Исабековдун чоң аталары ага боору ооруп, бооруна батырып алышканы тарых барактарында белгилуү. Атамбаевдин чоң аталары Кокондон качып келип, Кой-Ташка отурукташып калган деген бир вариант эл арасында айтылып келет. Мындай варианттар кеп. Азим Исабековдун чоң аталары Кокон тараптан Кой-Ташка качып келген Атамбаевдин бабаларын батырып алгандыктан, Азим Исабековдун чоң аталарын таеке деп чоңоюшкан. Кийин президент Бакиев менен жең ичинен соодалашып, оппозицияны сатып “көпүрө” болуп кетип, өзүнүн таякеси Исабековдун премьер-министрлик ордун тартып алганы менен белгилүү. Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы турган жерде, анда эч качан, ыйык нерсе болгон эмес. Ал баарын сатып болсо да бийликке жетүүдөн башка ою болгон эмес. “Досум Соке” деп ооз толтура айтканы менен Сапар Исаковго бийликтеги бардык мүмкүнчүлүктү берди. Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковдун колу менен Жээнбеков койгон кадрларды “шыпырып” таштаган көз алдыбызда. Ошондо эле аталыктын таасири башталганы эсибизде. Жээнбеков жеңил-желпиликке алдырбай, өтө сабырдуулук кылды. Кызматтан кеткен “табакташы” Фарид Ниязовду Атамбаев эс алуудан келгенден кийин, кайрадан президенттик администрациянын башчысы кызматына Фарид мырзаны отургузуп койду. Атамбаев “Аттан түшсө да, үзөңгүдөн буту түшпөдү” деп айтсак болот. Өлкөнүн биринчи адамына гана таандык, (президент Жээнбековдун мөөнөтүнүн аягына чейин таандык №1-бортто Атамбаев каалаган жагына учуп кетип жатканы элге да жетти. Кааласа мамрезиденцияда КСДПнын жыйындарын өткөрүп, өз билемдик кылып жатты. Кыскасы, башына эмне келсе ошону жасады. Президент болсо да Жээнбеков “досунун” ар кандай кылыктарына да, былыктарына чыдады. Сабырдуулуктун да чеги бар, ал эми Атамбаев убакыт өткөн сайын көтөнзордук менен өлкөнү башкаруунун тизгинин талаша баштады. Элге билинбегени менен өлкө ичинде кош бийликтин башкаруусу болуп жатты. Ылжып мас болуп, арагын көтөрүп алып, азыркы президентти оозго албаган сөздөр менен сөккөнү да элге жетип турду. Сооронбай Жээнбеков баарына чыдады…

Атамбаев аталык болуп алып, өлкөнү “жүз граммдан” се этип коюп өзү Кой-Ташта жатып алып, өлкөнү башкара берем деген ою болгон. Буга чейин деле, ал президент болуп турган кезинде мамлекеттик резиденцияда жатып алып Кыргызстанды башкарганы элибизге маалым. Көзү ачылганда гана Акүйгө келип, иш кагаздарын карап, анча-мынча министрлерди кабыл алып, кыргыз элине теледен көрүнүп коюп, кайра резиденцияга келип-кетип жүргөн болчу. Ошол бойдон, Атамбаевдин жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнүн жарыгы көп мезгилге чейин күйчү эмес. Балким, “Атамбаев запойго кирип кетсе керек!” деп айтып калышчу.

Азыр, президент С. Жээнбековдун жетинчи кабаттагы иш бөлмөсү кечки саат сегиз, онго чейин күйүп турат. Демек иштеп жатат дегендикти билгизет. Атамбаевдин кыялындагы арам ою, ишке ашпай калды. Башында баары ошондой эле көрүнгөн. Атамбаевди өз бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берди, бул тарыхта болгон эмес деп башында сүйүнгөн элек. Көрсө, өзү айткандай жыйырма төрт жыл дос болуп жүргөн досу Сооронбай Жээнбековду да алдап жүргөн экен. Алмаз Атамбаевдин арам ою башкада экенин биз кийин билдик да. Атамбаев дайыма “Сооронбай’ Жээнбековду, президент кылган мен!”-деп көкүрөк кагып келет. Алмаз Атамбаев колунда бийлиги туруп, башка жакты айтпай эле коёлу, Сары-Өзөн Чүйдөн досу Жээнбековго жакшы добуш алып бере алган жок. Бул деген сөз, Атамбаевдин бул региондо Жээнбеков досуна чын жүрөктөн иштебегендигинин белгиси. Жараткан Кудайдын амири жалпы кыргыз элинин колдоосу менен Жээнбековдун пешенесине президенттикти жазган экен ал тактыга отурду. Бул факт…

Бирок, жалпы элдин көп добушун алган президент Жэзнбековдо бир гана жолу калды. Жээнбеков коррупцияга баткан досу Атамбаевди же элди тандашы, ошол мезгилдин талуу суроосуна айланды. Президент Сооронбай Жээнбеков котур ташы койнунда катылуу жаткан, коррупционер досун эмес, Кыргызстандын элин тандады. Ал эми, Атамбаев “досу” Сооронбай Жээнбековдун бул тандоосун, жактырбады. Арам ою ишке ашпай калган А. Атамбаев: – “Сооронбайдын ою бийлик менен эле акча экен да. Жакшылыкты унутсаң Кудай урсун! Кудай урсун! Кудай бар! Кудай урсун!” – деген сөзү бүт өлкөбүзгө жетип, ошол күндөрү кыйлага чейин жаңырып турду. Ошондон баштап, мурдагы президент Атамбаев ачык эле эл шайлаган президент Сооронбай Жээнбековду каралоого өттү. Жээнбеков кызуулукка алдырбай башында жооп да кылбады. Бакырып, өкүрүп, жинденип акыры калат деген сайын Атамбаев күч ала берди. Анын сүйлөгөн сөздөрүн угуп, отуруп президент болгон адамдын деңгээли ушул болсо бүткөн экен дейсиң. Анын сүйлөгөн сөздөрүн угуп өлкө башчысы болгон адам кантип айтсын деп башыңды чайкайсың.

Бирок, Атамбаев көчөдөгү адамдын деңгээлине түшүп айтты да. Мына окуп көрсөңөр А. Атамбаев: “Сооронбай элди бөлүп-жарып жатса, азыр улуттук коопсуздук кызматы бөлүп жарууда жардам берип жатат. Чындыкты айткандардын оозун жапканга жардам берип жатат. Чакырып алып коркутуп! Эй, аягы жаман бүтөт! Мен дагы бир жолу кайталайм, эгерде Кыргызстанды колхоз деп, бизди кой деп ойлосоңор, Бакиев да ошондой ойлогон. Эй, силер Бакиевден жаман бүтөсүңөр! Бир жериңерди кыскыла!” – деп айтты.

Жараткан Кудайдын да көзү түз экен, Атамбәев өзү кысчу жерин, өзү бекем кысып УКМКнын абагында отуруп калды. Эки достун ортосундагы “жараканы” Атамбаев ойду-келди сүйлөй берип, өзү улам кеңейтип элге ачык алып чыгып алган да Атамбаев өзү болду. Бир топ мезгилге чейин президент Жээнбеков “көчө баласынын” деңгээлине түшүп кеткен Алмаз “досуна” каяша айтып ага теңелгиси келбеди.Сабырдуулук кылды, үн катпады. Атамбаев өзүнүн коррупционерлерден турган “бригадасы” четинен камалган сайын, анын көзүнө түрмөнүн темир тору көрүнө баштап, түнү уктай албай, териси жукарып, мандраж боло баштады.

Акыркы кезде өзүн кармана албай башына эмне келсе ошону сүйлөй баштады. Камалган күндөн бери сөз айтпай келген, Аида Салянова да акыры жарылды, “Мен 75 күн абакта Алмаз Атамбаевди коргоп, акташ үчүн отурганым жок. Атамбаев коргоого татыксыз…”-деп айтканын жалпы элибиз укту. Атамбаев ушул сөздү эбак эле укмак. Азыркы күндө Батукаевдин иши боюнча, аны коё берүүгө түздөн-түз буйрук кылган Атамбаев экенин Салянова бетме-бет жолукканда мойнуна коюп бергени айтылууда. Азыр Атамбаевдин айласы түгөнүп калды.

Эски “досу” Жээнбеков иттик менден кетпесин деп акырына чейин Алмаз Атамбаевдин сасыган сөздөрүнө, каралоо, боктогонуна чыдады. Бирок, ар бир нерсенин чеги болот да, ал да акыры айтууга мажбур болду. Элибизди эки анжы кылган Атамбаевдин мындай ыплас мамилесине президент Жээнбеков өз сөзү менен чекит койду. Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков: “Мен элимдин анан Кудайдын гана алдында карызым бар! Башка эч кимден карызым жок! Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдин президенти болом деп ант бергенмин,” – деп жүрөгүндөгү ак сөзүн элибизге айтты. Коррупцияга баткан, “жогорку бийлик эшелонундагы кылмыштуу топтун” башында турган Атамбаевди эмес, кыргыз элинин келечегин ойлогон, мекенине ак кызмат кылган президенттин гана сөзү деп түшүнүшүбүз керек. Бир ирет, журналисттер менен жолукканда Атамбаев “Мен президенттиктен кетсем музыка жазам!” деп айтканы эсимде. Кызматтан кетип, Кой-Таш дарыясыынн боюнда отуруп алып, президенттик кезиндеги эскерүүлөрүн, музыкасын жазып жүрө берсе, Атамбаевге ким тиймек эле? Атамбаевди бул бийлик эмес, өзүнүн оорукчан логикасы түрмөгө сүйрөп барып, темир тордун артына тыгып койду. Буга чейин, Атамбаев төшу түктүү адамга жолукпаганы көрүнүп турат.

Бийликтин тазалыгы туурасында сөз болгондо дайыма Абсамат Масалиев эсиме келе берет. Биз билгендей Абсамат Масалиев эки ирет президенттикти утуп алган адам. Жеке кызыкчылыгы үчүн бир адамды аянтка алып чыккан жок. Президенттик таймаштан кийин Масалиевдин жакын адамдары, “Абсамат Масалиевич, сиз президенттик шайлоодо уттуңуз! Элдер сизди колдоп, нааразылык митингине чыгууга даяр турушат! Макулмун десеңиз эле, бул бийликти шыпырып салабыз…” – дегенде да, Абсамат Масалиевич “Эч качан кан төгүү жолу менен президенттик креслого отурбайм! Менин президенттик кресломдон да, элимдин тынчтыгы жогору турат!” – деп жооп кылган экен. Журт атасы деген ушундай болушу керек! Масалиев өзүнүн жеке кызыкчылыгын эмес жалпы элибиздин тагдырын, келечегин ойлогон журт атасы, эң таза инсан катары элдин элесинде, тарых барактарында кылымдар бою кала берет. Мурдагы президент, Атамбаев ошол журт атасы болуу мүмкүнчүлүгүн алдырып жиберди. Ал эми Масалиевге салыштырмалуу, Атамбаев Кыргызстанды экиге бөлгөн, саясый атаандаштарын түрмөгө камаган кекчил адам, трайбалист, мамлекеттин казынасына кол салган коррупционер, өз элин аткан каңкор президент катары тарыхта калды. Чындыгында ошол кундөрү кыргыз элин бир Кудай өзү эле сактап калды. А. Атамбаев: – Президент Жээнбековго “Сен элибизге чоң жарака жасай баштадың, Сен элди бөлө баштадың!” Өзүнүн арам оюн ишке ашырыш үчүн Атамбаев кыргыз элин аз жерден түндүк-түштүккө бөлүп жибере жаздады. Алмаз Атамбаевди колдоп, Кой-Таш айылында жүргөн колдоочуларынын бири, эл бузар Бабиев Фархад деген телефон аркылуу бирөөлөр менен сүйлөшкөн сөздөрү электрондук сайттар аркылуу элге тарап кетти. Мен ошону көрүп окуп калып, төбө чачым тик туруп калды. Бу, Атамбаевдин айланасында деле өзүнө окшогон “оорукчандар” жүрөт окшойт. Бир жолу Атамбаев жакын адамдары менен сүйлөшуп отуруп “Түштүктүктөр Чүйдү басып кетпесин үчүн, Төө-Ашуунун туннелин жардырып салыш керек!” – деп айткан экен. “Алмаз сенин акылың жайындабы? ГЭСтин баары аларда, электр жарыгын өчүрүп койсо, эмне кылабыз! Жүз жыл артка кетип чырак менен отуралыбы, ошону ойлодуңбу? – деп айтышат. Анда мурдун балта кеспеген, Атамбаев “Анда Таш-Көмүрдүн туннелин жардырыш керек!” – деген адамдан жакшы сөз күтүүгө болобу. Атамбаевдин штабындагылар таксисттерден атайын команда түзүшүп, берекелүү Сары-Өзөн Чүйдүн айылдарына чапкылатып, “Жериңерди түштүктүктөр басып кетти, аларды бүт жактан кубалаш керек! Оштуктардын үйлөрүн өрттөш керек!” – деген сасыган сөздөрү чөнтөк телефондогу сөздөрүн угуп, мурдагы президенттин айланасындагылардын деңгээлин көрүп таң калдым. Алмаз Атамбаев мына ошондой ыплас жолдор менен азыркы бийликке каршы элди тукуруп, Конституциялык түзүлүштү тебелеп болсо да, мамлекеттүүлүк эмне экенин билбеген жаштарды акча менен Ак үйдүн алдына алып, бийликти басып алам деген арам ою болгон. Акчага сатылып, жылуу тамакка алданган, бир ууч адамдардан башка жалпы кыргыз эли Атамбаевдин бузукулук ишине алданып, эрчиген жок. Мына ушул элди экиге бөлгөн идеялар Атамбаевдин Кой-Таштагы “резиденциясынан” чыгып жатканы, ал элибизге болгон чыккынчылык деп билем. Ошол күндөрү түндүк-туштүк маселеси кылдын учунда турду. Жүрөгүндө кыргыз деген адам болсо, Атамбаев ушундай арам жолго барат беле? Атамбаевдин трайбализм деген өтө жугуштуу ооруну таратуудан башка куралы деле жок. Мамлекеттин тагдырын өзүнүн жеке кызыкчылыгынан жогору коюп, жеке таарыныч, коррупциялык максаттарына жетип, аны аткарыш үчүн, Атамбаев дагы бир ирет кан төгүп болсо да, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды. Сапар Исаковду башкарып, Кыргызстанды дагы тоноп жеп, коррупциялык арам иштерин ишке ашыруу болгон кадамы деп билсе болот. Арам оюн ишке ашырууга Жээнбеков өзүнүн тазалыгы тоскоолдук болду. Ушул мамлекеттик масштабдагы “коррупционер ууруга” Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку сыйлык аз жерден, көкүрөгүнө тагылып кала жаздады. Анда, Кыргыз Республикасын Баатыры Алмаз Атамбаевди кантип камайт элек? Бир Кудай сактады. Президент Сооронбай Жээнбеков ошол Указын тезинен артка чакыртып алышы керек! Ачуу сөз болсо да, бул чындық… Элдин талабы да ушул…

Кой-Ташта атылган ок

Кой-Таштагы тынчтыкты бузуп, ок атылды…

Андан дагы, мурдагы президент А. Атамбаев: “Эгер мени кармаганы келишсе мен курал колдоном,” – деп элдын ала эле, бийликти ачык коркутууга өткөн. Болгондо да Алмаз Атамбаевдин үйүнөн, эң өкүнүчтүүсү, алты жыл өзүбүздүн керт башыбызды, мамлекетибиздин тагдырын башкарууга ишенип бергенбиз. Мурдагы президент Атамбаевдин, мамлекетибиздин куралдуу күчтөрүнүн башкы командычысынын колундагы снайпердик мылтыктан ок атылды. Аскердик өз милдетин аткарып жаткан кырчындай болгон офицердин өмүрү кыйылды. Ата-энеси баласынан ажырап, аялы жесир, балдары жетим калды.

Ошол атылган ок бүтүндөй Кыргызстанды дүрбөлөңгө салып, каңтип кечээ эле өлкө башчысы, президент болгон адам, өз жаранын атат, бул не деген шумдук дешип, өздөрү берген суроолоруна жооп таба албай, баштары катты. Буга чейин деле, бир топ саясатчылар ажонун ден-соолугунда бир мандеми бар экенин канча ирет, мезгилдүү басма сөз беттеринде кыйыта айтып чыгышты. Эл арасында Алмаз Атамбаев бала кезинде “Чым-Коргондо”, кийин неврологиялык ооруканада атайын тизмеде туруп, дарыланып жүргөн деген сөздөр ачык эле айтылып эле жүрчү. Бирок ага эч ким ишенген эмес. Ошол оорунун кесепеттери анын сүйлөө манераларында, жининин чукулдугу, адамдарды кемсинтип, ойлонбой туруп коңшу президенттерге сүйлөгөн сөздөрүнөн байкалып эле жүрчү. Бирок, маани берген эмеспиз. Өзүн башкара албаган адамдын колунда куралдын болушу, өтө опурталдуу болчу. Үйдө илинип турган курал, баары бир күнү атылат деп бекер жеринен айтылбаса керек. Маймылдын колуна, гранатаны карматып койгондой эле иш болду. Президент Сооронбай Жээнбеков, “досу” Аталык Атамбаевдин айтканын укпай, өлкөнү мыйзам жолу менен башкара баштаган күндөн баштап, ал төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштырууну максат кылып алды. Атамбаев коркута баштаган кезде эле, анын курал-жарагын тартып алыш керек болчу. Анын атканын күтүп отурбай. Мындай учурда күч түзүмдөрүнүн башчылары ойлонуш керек эле. Күч структуралары Атамбаевдин Кокон чебиндей болгон Кой-Таштагы резиденциядагы үйүндө канча курал бар экенин биле алышкан жок. Бул коопсуздук кызматынын чабалдыгы деп билсе болот. Учурунда, “Жакшы иштей албай, ИИМге реформа жасай албай жатасың!” деп кызматтан кетирген Кашкар Жунушалиевдин Атамбаевди кармоого жетекчилик кылганы күлкүлүү иш эле. Кечээ эле кызматтан кетип бараткан кезде Кашкар мырза Атамбаевге бир сөз айта алган эмес. Колго түшүп бараткан Атамбаев, алдынан чыга калган Кашкар Жунушалиевди карап “Мында сен дагы келдиңби?”-деп жактырбагандай жерип өтүп кеткени кызык болду. Ынтымагы жок күч түзүмдүн башчылары бир учурда Атамбаевдин үйүн басып алуу операцияны жүргүзө алышпай дүйнө коомчулугуна шерменде болушту. Күч структуралардын башына адашып келип калган, дасыккан эмес жетекчилер экенин мезгил көрсөттү. Кой-Таштагы үйүндө Атамбаевди кармоо учурундагы баш аламандыкты карап туруп, Президент Жээнбеков бул структураларга тезинен кадрдык өзгөрүүлөрдү жасай ала турган татыктуу жетекчилерди коюусу керек экенин учур көрсөттү. Кой-Таштагы окуянын мындай багытта болуп кетерин мурдагы президент өзү да күткөн эмес эле. Бирок, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө трайбалисттер менен акчага сатылгандар, азыркы күнде коррупциялык иштер менен камалып отургандардын тууган уруктары, жакындары, анча-мынча айылдаштары болушту. Жалпы кыргыз эли Атамбаевди колдоп чыкты дегенден алысмын. Кандай болгон күндө да, Атамбаев коррупциялык иштери үчүн көп жагынан жеңилдетилип, көп иштери кыскартылмак. Элдин Атамбаевди кечирбегени, кечээ эле мурдагы президент өлкенүн башкы командачысы катары, өз жоокерлерин карай ок атканы болду. Ушул кадамы менен мурдагы президент, күч структураларын башкарган адам катары өз тагдырына чекит койду деп айтсак туура болот.


Атамбаев киллерби?

Бардык нерсе Атамбаевдин мыйзамды, бийликти тоготпогонунан башталды, Алмаз Атамбаев тергөө органдары тарабынан үч жолу, мыйзам талаптарын толук сактоо менен болгону күбө катары чакырылган болчу. Бул жерде күч органдары тарабынан Жазык процессуалдык кодексинин нормалары, мыйзамдагы жазылган талаптардын баары сакталды. Ал эми кечээ жакында эле ушул мыйзамдуулукту сактоого бизди үндөгөн адам өзү баарын четке кагып, мыйзамды аткаруудан баш тартканы өкүнүчтүү. Буга чейин президент болгон адам катары, башкаларга үлгү болуп, суракка убагында барганда азыр камалбай отурат эле. АКШнын президенти Клинтон деле суракка чакырганда, мыйзамды сыйлап барганын билебиз го. Ал тургай ИИМдин орун басары Каниметов өзү башында туруп, Атамбаевдин үйүнө барып, жеринде күбө катары тергөө ыкмаларын жүргүзөлү дешсе да киргизбей коюшкан. Атамбаев ушундай карөзгөйлүгү менен бийликти күч колдонууга, провокацияга түртүп жатты. Бийлик тарабынан күч колдонуп элдин арасынан жабыр тарткандар көбүрөөк болсо Атамбаев карапайым элди бийликке каршы тукурмак. 2010-жылы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштө да Алмаз Атамбаев жеке кызыкчылыгы, бийликке келиши, эбегейсиз байлыкка жетүү үчүн кан төгүүдөн кайткан эмес. Ал тургай Атамбаев бир учурда “Миң адам өлсө да бийликти алабыз!”-деп айткан сөзүн жалпы кыргыз эли билет. Бул каңкор, жарым акыл, жарым эс адамдын айткан кеби эмеспи. Кой-Таштагы окуядан кийин ал оор кылмыштарга шектүү адам катары өзүнө-өзү өкүм чыгарып, өзүн темир тордун артына тыгып отурат.

Ушул канга тойбогон Атамбаев такка келип отуруш үчүн, канча адамдын үйүнө кайгы, Ош окуясындагы трагедияны алып келген кара жолтой адам эле.

2019-жылдын 7-августунда, жарым акыл, жарым эс Алмаз Атамбаев мыйзамды өтө одоно бузуу менен өз элин ок менен аткан мурдагы президент катары кыргыз элинин тарыхында калды. Дени-карды соо адам болсо өз элин атат беле? Журт башкарган адамдын деңгээли ушулбу, ал кыргыз элин дүйнө жүзүнө шерменде кылды. Чала бандит, буга чейин да мамлекеттик кандуу төңкөрүш жасаган адамдын ден-соолугун териштирип, карабай президент кылып шайлаган кыргыз элинде да күнөө бәр. Кечээ эле Бакиевди канкор деп жүрүп, бүгүн өзү каңкор президент аталып отурат. Жакында эле өлкөнү алты жылдан ашуун башкарган Алмаз Атамбаев баш кесер, бандиттин деңгээлине түшүп, өз үйүн кылмышкерлердин уюгуна айлантып, бийликке каршы ок атты. Ушул, жарым эс ден-соолугу шек жараткан адам биздин өлкөнү ушунча жыл башкарды. Теледен көрдүк го үйүнүн ар бир кабатын темир торлор менен тосуп, кум салынган каптарды катары менен коюп согушууга катуу даярдык кылганы көрүнуп турду. Биринчи күнкү болгон операцияда Атамбаевдин акчага жалданган “аскердик кошуну” УКМКнын “Альфасын” талкалап, курал-жарактарын күч менен тартып алышып, уруп токмоктошуп, бармактарын сындырышып, чечиндирип алып сабап, ийгиликке жетишти. Бул “кичинекей жеңишине” жетине албаган Алмаз Атамбаев Берлинди басып алгандай өз ийгилигине мактанып журналисттерге маек берип жатты. Анын акчасына жалдангам коргоочуларына, өзүн “Альфанын” кызматкерлерине алдырып жибербей, коргоп калгандарга ыраазычылыгын билдирди. Бейкүнөө “Ал-фанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков снайпердик мылтыктын огунан окко учуп каза болду. Бир канчасына ок тийип жарадар болушту. Ал снайпердик мылтыкты Атамбаев коргонуп жаткан бөлмөдөн Курсан Асанов жалпы элге көрсөттү го. Маркум Үсөн Ниязбековдун кан жутуп, кайгыга батып турган апасы Өктөм Мамаеванын “Өмүрүм өткөнчө Атамбаевди каргап жүрүп өтөм!”-деген сөзү Атамбаев үчүн жалпы элибиздин өкүмү деп эсептешибиз керек.

Алмаз Атамбаев: “Курал-жарак менде гана болгон. Спецназдын жигиттери үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө мен аттым. Караңгы болгондуктан тийген-тийбегенин мен билбейм. Мен курал колдоно турганымды эскерткенмин. Ушул окуяга Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү.” Кыргыз элинде, одоно бирок өтө таамай айтылган “Осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тытат!” – деген сөз бар. Жакында Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев маек бергенин угуп калдым. Кадыр мырза: “Спецназдын командиринин өлүмүнө менин атамдын тиешеси жок. Бул жерде, күнөөнүн баары Атамбаевде эмес. Бийликтин колунда болууда. Көрсөткөн кысым, бардык чектен ашып кетти. Апама көрсөтүлгөн” – деп телеге маек берди. Атасы камалып жатса, баласы Кадыр кайгыргандын ордуна күлүп маек бергенине таң калдым. Алма бутагынан алыс түшпөйт деген сөздүн чындыгы бар экен. Кадыр мырза, атасы Алмаз Атамбаевдин “Спецназдын жигиттери үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө мен аттым!” – деп моюнга алып жаткан сөзүн, баласы уккан эмес го. Анда эмне, Алмаз Шаршеновичтин колуна курал карматып, Сооронбай Жээнбеков аттырдыбы? Бул акыл эси бар адамдын жообу эмес.

Форумдан үйгө барабыз

Россиянын президенти В. Путин Кыргызстанга келгенде анын көзүнчө, А. Атамбаев журналисттерге “Мен эки революцияны тең өзүм жасаганмын!” деп балп этип айтканы элдин эсинде. Атамбаев чала кайп болуп турганда ошентип мактанып коймой жагы бар. Ал айтканы да калп! Кыргызстандагы эки ирет болгон мамлекеттик төңкөрүштү АКШ менен Россия ишке ашырганы эл арасында буга чейин деле айтылып келгени маалым. Бул жылдын 7-августтагы бир күндүк ийгилигине жетине албаган Атамбаев, оолугуп кетип “Биз азыр, Форумга анан Ак үйгө барабыз!” – деп чыкты. Атамбаевдин бул бийликти тизелете койгон бир күнү саясый климатты өзгөрттү. Ошол күндүн эртеси, Атамбаевди чанып кеткен чиновниктер кайрадан Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн сагалап нөөмот күтүп калышты. Ал тургай, аз төбөлдөрүн сатып көнүп калган ЖКнын 25тей депутаттары, аскер адамдары, генералдар жашыруун Атамбаевдин өзү же ишенимдүү адамдарына барып жолукканы видеолорго түшүп калганы маалым болууда. Атамбаев өз жакын адамына “Керек болсо, Сокенин жанында эмне болуп жатканын айтып берчү, өз адамдарым бар. Кыбыр эткени мага жетип турат. Ал тургай Кой-Таштагы үйүмө качан кол саларын, “операцияны” кимдер жетектей турганын, мага айткан генералдар бар!” – деп бекер жеринен айтпаса керек. Ушул окуядан кийин президент Жээнбеков иштеп жүргөн Ак үйдөгүлөрдүн “Атамбаев бул бийликти кулатса, аны Ала-Тоо аянтынан гүл менен тосуп алабыз” – дегендер четинен чыгат. Ачыгын айтканда азыркы бийликтин сексен пайызы эле Атамбаевдин командасындагылар иштеп жатат. Ак үй менен көк үйдүн айланасы, министрликте бийликтин саткындары толуп кеткен. Ошол күнү, азыркы бийликти, президент Сооронбай Жээнбековду бир Кудай эле сактады. Көлдөгү эс алуу өргүүсүн президент таштап Бишкекке келбегенде окуя башка нукка бурулуп кетмек. Андан да, Кой-Таштан берилүүчү арам акчалар Форумга учурунда жетпей, жалданган пикетчилерге өз убагында 7000 сомдон берилбей калып, эл Форумга жетпей калып, Атамбаевдин кылмыштуу ою оңунан чыкпай калды. Алмаз Шаршеновичтин биринчи аялынан төрөлгөн Сейитбек органдын кызматкерлери тарабынан катуу сабалганын, үй-бүлөсүнө коркунуч болуп жатканын, Раиса Атамбаева журналисттерге айтып ыйламсырады.

Ал эми Атамбаевдин баласы Сейитбек капысынан бутун кокустатып алганын айтты. Атамбаевдин уулу Сейитбек Кыргызстандагы энерго барондордун бири. Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин балдарынын, аялынын былык иштерин ачыкка чыгара элек. Буларың деле Максимден калышпай калышкан экен. Мурдагы президент Атамбаев Кой-Таш айылындагы 7-8-августта өткөн баш аламандык учурунан кийин Сейитбек Атамбаевдин кайын атасынын үйүн текшергенде, ал жерде катылган акчалар табылган. Суммасы 170 000 сом. Акча алган адамдардын тизмеси, телефондорунун номерлери чыккан. Ошондой эле текшерүү учурунда 9-августка караган тунү 2 млн 2025 миң сом, 316,000 доллар алынган баракча чыккан. Ушул акчалардын таржымалы тыкыр изилденүүдө экени басма сөздөргө да жарыяланып кетти. Балким, Атамбаев ушул акчалардын жардамы менен Форумдан кийин Ала-Тоо аянтына барып анан Ак-үйгө кирип, бийликти басып алууну пландаштырган болсо керек.

Алмаз Атамбаев бир маегинде, өзүнүн аялы Раиса Атамбаева туурасында мындай деп маек берген эле. “Менин жарымдын, Бакиевдердин убагында да бир миллион доллар банкта эсеби бар болчу”- деп айтканы эсимде. Алмаз Шаршенович, бир миллион долларды Раиса жеңебиз кайдан тапты? Аялыңыздын алган маянасы менен дал келбей жатпайбы! Бул акчалар кайдан табылган? Биз билгенден аялыңыз иштеген Медакадемиядан андай суммадагы акчаны, бардык илимпоздор биригип да пешене тер менен табуу кыйынга турат. Бул арам акчалар болуп журбөсүн. Алмаз байке, элдин баарын эле келесоо ойлобоңуз да.

Менмин деген кыргыздын жигиттери ак жеринен камалып алардын аялдарынын, балдарынын көз жаштары төгүлүп жатканда Раиса Атамбаева каякта эле? Экс-депутат Садыр Жапаровдун камалып жаткан жерине ,түнкү саат үчтөрдө кирип, аны белгисиз бирөөлөр кан тамырларын кескилеп кеткени, анын балдары, бир туугандарын кошуп тепкилеп, сабаган кезде чындык үчүн күйөөсү, президент Атамбаевге айтууга террорду токтотууга мүмкүнчүлүгү бар эле го. Раиса Атамбаева ал кезде үнү чыккан эмес эле. Бирок, анте алган эмес, өзүлөрүнүн башына кайгы келгенде гана Раиса Атамбаева көз жашын төгүп жатат. Албетте, өкүнүчтүү.

Атамбаев жакында эле эки тизгин бир чылбыр колунда болуп, бийликтин бардык бутагы анын көзүн карап, кубаттуу кезинде, өзүнүн саясый атаандаштарын камаганда аял катары Раиса Атамбаева күйөөлөрү ак жеринен камалып жаткан аялдар чыркырап, чындык издеп чыгышканда, ошол камалган саясатчылардын аялдарынын муң-зарын көрүп, балдарынын көз жаштарын президент Атамбаевге учурунда айтып койсо болот эле. Атамбаев камак менен Садыр Жапаровду сындырам деген эле. Сындыра албады. Анткени, Садыр Жапаров кайраты, эрки өтө күчтүү жигит. Алмаз Атамбаевдин былыктарына, сасыган сөздөрүнө азыркы президент чыдап келди. Канткен күндө да жалпы элибиз шайлаган президент эмеспи. Чыдамдын да чеги болот да. Сооронбай Жээнбеков: “Кечээгиге чейин Атамбаев тергөөго күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат” – деп кесе айтты.

Бул макаламды аяктап жатып, президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин кезексиз чакырылган жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн цитата келтире кетүүну туура кардүм. Сооронбай Жээнбеков: “Айрым күчтөр бул процессти Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тиреши деп жатышат. Бул эки адамдын эмес, бул коррупциянын туу чокусу болгон баардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш! Бул мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши. Тилекке каршы өлкөбүздүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду. Баары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды, курмандыкка алып баруудан да кайткан жок,” – деп депутаттардын алдында сүйлөгөн эле.

Атамбаев Кой-Таштагы уйүндө карыган кишилер, жаш балдар, алданган, акчага сатылган жаштардын, аялдардын юбкаларына жашынып, Конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуулукту калыбына келтиргени, тартипти орнотууга барган күч структураларын таш-бараңга алдырып коюп өзү үйүнүн үчүнчү кабатынан карап турганы белгилүү иш. Ошол баатыр болгон алданган жигиттердин эки жүздөйү чек арадан өтүп Россияга, Казакстанга качып кетүүгө аргасыз болушту. Ошентип, Атамбаев башында турган козголоңчулар мамлекеттик төңкөрүштү жасай албай калышты. Элибиздин бактысына мамлекеттик төңкөрүш болбой калды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Орозбек Опумбаев, “Атамбаев мен атышып өлөм деген, ал көрсө коён жүрөк экен…” – деп абдан так баа бериптир. Атамбаев өз үйүндө “өзүнүн коргоочулары” менен жолукканы чыкканда, “Альфанын” жоокерлери забордон ашып түшкөнүн көрүп, жан сакчыларынан оозунуп, аларга жеткирбей жандалбастап качканын көрдүк. Уят эле иш болду. Чынында эле, Атамбаевдин коён жүрөк экени анын короосунда жүргөн элди таштап качканын көргөн эл түкүрүнүп, “суу жүрөк, тили эле бар экен” деп сындап жатышат.

Алмаз Атамбаев: “Сооронбай менен парламенттеги чимкириктер бир театр кылып жатышат, Атамбаевди соттойбуз деп. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин! Мен Кудайдын сотуна даярмын. Элдин сотуна, тарыхтын сотуна даярмын! А, бул уурулардын, бети жоктордун, чимкириктердин сотуна бара турган Атамбаев эмес. Мен ишенем, көп өтпөй ушулар сотко өзүлөрү барат.”

Өз элинин ырыскысына, мамлекеттин казынасына кол салган, оозунан калп Кудай деген сөз түшпөгөн Атамбаевди бул жолу Кудай өзү жазалады. Алмаз Атамбаев өзү айткандай элдин сотуна, тарыхтын сотуна эми жооп берсин. Калганын, мезгилден оозунбай, күтө туралы.

Кечээ күнү теледен Атамбаевдин аялы, баласы Кадыр, Кундуз Жолдубаева жана бшка саналуу гана адамдар УКМКнын имаратына келишти. Баягы Кой-Таш айылында акчага жалданып келген миңдеген адамдар, жердештеринен эч ким келбеди. Бул деген сөз, Атамбаевге мезгилдин, элдин берген баасы деп түшүнсөк да болот.

Бекен Назаралиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: