Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин өтө чабал жетекчи экендигин айтып атып тилибиз тешилди. Далай жаздык, далай айттык. Мына кечээ, жакында, тагыраагы жаңы окуу жылынын башталышы менен Нарында окуучулар контейнерде окуп атат деген сын-пикир өкмөттүн дарегине айтылып атат. Контейнер мектеп менен аткаруу бийлигинин бетине көлөкө түшүргөн дагы так ушул Черикбаев болду десек жаңылышпайбыз. Макул шартка байланыштуу контейнерде убактылуу билим алса алат чыгаар, бирок, ошол контейнерди Черикбаев деген көпөс барып символикалуу түрдө ачпаш керек эле да. Заманбап мектеп салгансып райондун бир топ жетекчилерин ээрчитип барып, гимнди жаңыртып каалоо-тилек айтып, ачылыш кылганы элди өтө иренжитти. Черикбаев сыяктуу жетекчилердин бийликте олтурушу трагедияга айланып бара жатат. Буга эртерээк чара көрүлбөсө болбойт, көптөн бери айтып келебиз. Ушул эле Черикбаев тууралуу тендер боюнча тирукмуш кептер айтылып келет. Аким Семетейди кызматтан эле кетирбестен жетекчилик кызмат жолун тыкыр иликтөөгө алып, укуктук да баа берилиши керек…
Нургазы Айтмырзаев
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ