Menu

Жалдагы мушташтын чоң муштумдары 2 айга абакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкектин Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташтын чоң муштумдары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду 2 айга камакка алды.

Сот аларды тергөө бүткөнчө Бишкектин СИЗО-1 абагында кармоого чечим чыгарып берди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 28-августтун таңында Бишкек шаардындагы Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында КР жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин жерге Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Качып кетишкен кылмышка шектүүлөр Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда гана милицияга колго түшүп беришти.

Ал эми алардын бир тууган агасы, милициянын майору Каныбек Бапышов алардын качып кетүүсүнө жардам бергендиги үчүн Чүй облусттук милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнөн кызматтан айдалды.

Ошол эле 6-сентябрындын кечинде 28-августта кылмышка шектүүлөр Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду кармабай, качырып жиберген Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. Кыргыз Республикасынын Жазык- процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары кармалышып, УКМКнын абагына камалды.

Кармалгандар Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Таластан Бишкекке көчүп келишип, Ош базарында джинсы сатып бизнес кылышкандыгы, ал эми таяк жегендер Ат-Башынын кулундары экени айтылууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: