Байкоңурда курулуп жаткан Орусиянын ракеталык комплексине Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу расмий билдирүү «Роскосмостун» сайтына жарыяланды.
Байкоңурга «Байтерек» деп аталган ракеталык комплекс куруу тууралуу макулдашууга тараптар 2018-жылы кол коюшкан. Өткөн жумада Москвадагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунда (ВДНХ) Нурсултан Назарбаев менен жолуккан орус лидери Владимир Путин комплекске Казакстандын туңгуч президентинин ысымын берүүнү сунуштаган.
«Назарбаев» деген аталышка ээ болгон жаңы комплекстен алгачкы ракета 2022-жылы учурулат деп божомолдонууда.
Быйыл мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баш калаа Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары борбор шаардагы эл аралык аэропорттун аталышы дагы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.
Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн бир катар облус борборлорундагы ири көчөлөргө берилген. Казакстанда анын бир нече эстелиги тургузулуп, сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ