Menu

Фото – Кыргызстан менен БУУнун кызматташтык маселелери тышкы саясат боюнча Консультативдик кеңеште талкууланды

Бөлүшүү:

6-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында КР ТИМ алдындагы тышкы саясат боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасы менен бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызматташуу маселелери талкууланды. Министрликтин тийешелүү департаменттеринин башчылары баяндама жасашты.

Министр Ч.Айдарбеков Консультативдик кеңештин мүчөлөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Жалпы дебаттарынын 74-сессиясынын ишине катышуу үчүн кыргыз делегациясынын Нью-Йорк шаарына боло турган сапарына даярдыктын жүрүшү, ошондой эле актуалдуу тышкы саясий багыттар боюнча иштелип чыккан сүйлөшүүлөр жана маселелер жөнүндө маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: