Menu

Тажикстанда басылып чыккан китептердин нускасы 500дөн ашпайт

Бөлүшүү:

Тажикстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери басылып чыккан китептердин түрү көбөйгөнү менен алардын нускасы дээрлик 100 эсеге азайган. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Советтик Тажикстанда кезинде китептер миңдеген нуска менен басылып чыгып турган болсо, учурда алар 50, эң көп дегенде 500 нускада жарык көрөт.

«Тажикстандын китеп үйү» улуттук агенттигинин жетекчиси Курбонали Бурхонзоданын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 6 миңден ашык аталыштагы китеп басылып чыкса, көбүнүн нускасы 200дөн ашкан эмес. Өз кезегинде бул өлкөдө китеп баасынын жогорулашына алып келген.

Тажик маданият министри Шамсиддин Орумбекзода китептин нускасы Тажикстанда гана эмес, мурдагы советтик республикалардын көбүндө азайганын билдирди. «Бирок бул тажикстандыктар китеп окубай калды дегенди билдирбейт. Азыр адамдар китепканаларга барып окушат, көпчүлүгү электрондук китептерди алуу мүмкүндүгүнө ээ», — деди министр.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: