Menu

Өзбекстандын Аскер сотунда мурдагы полковниктин иши кайра каралууда

Бөлүшүү:

5-сентябрда Өзбекстандын Аскер сотунда кассациялык тартипте Улуттук коопсуздук кызматынын Сурхандарыя боюнча тергөө бөлүмүнүн мурдагы башысы, полковник Нодир Туракуловдун иши карала баштады. Бул тууралуу өзбек чиновниктеринин бири билдирди.

Өз булактын кабарлашынча, кылмыш иши Нодир Туракуловдон жапа чеккен International Spedition Willi Bets немис компаниясынын төрагасынын арызынын негизинде козголгон.

Нодир Туракулов немис компаниясына таандык Mercedes Bens Aktros үлгүсүндөгү 17 даана автоунааны мыйзамсыз камакка алууга жана 4 800 000 евро өлчөмүндө зыян келтирүүгө айыпталууда.

2018-жылы 25-октябрда Нодирбек Туракулов 16 жылга эркинен ажыратылган. Ага мындан тышкары 81 млн. сум ($9,7 миң) айып пул салынган.

Улуттук коопсуздук кызматынын Сурхандарыя боюнча тергөө бөлүмүнүн мурдагы башысы Нодирбек Туракулов 2018-жылы 22-январда Ташкентте кармалган. Тергөө материалдарына ылайык, кызмат абалынан пайдаланган полковник сурхандарыялык эки фирманын, андан тышкары Ооганстандан жөнөтүлгөн автоунааларды өзүнө менчиктеп алган. Тергөө учурунда атайын кызматтын мурдагы офицеринин атасынын наамына катталган унаалар чыныгы ээлерине кайтарылып берилген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен камалган Нодир Туракулов мурдагы башкы прокурор Рашиджон Кадыровдун күйөө баласы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: