Menu

“Газпромдун” куйтулугу, бийликтин маңкурттугу…

Бөлүшүү:

Быйылкы окуу жылында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын “Газпром” ишканасы салган мектептин лентасын кести. Компания Бишкектин бир сотыхы 1 миллион доллар турган 3,7 гектар жерин бекер алган. Анан мектеп салып өткөрүп бермек. Жерди бекер алып, мектеп салып туруп кайра өздөрү алып алды. Мына куйтулук. Эми ар бир бала 22 миң сом төлөп окууга тийиш. Бир да кыргыз класс жок. Анан ошол жерге барып президент жалындуу сүйлөп жатат. Ал арада Нарын районунда 3 контейнерди коюп мектеп ачып, облус жетекчилери майрамдашты. Мына тамаша. Намыстын жоктугу. Андай болсо, “Газпромго” жерди бекер бербей сатканда бир миллион доллардан 37 чакан мектеп курулмак. Биздин жетекчилердин элди, улутту ойлобогон маңкурттугу ушуга алып келип жатат. Эми жерди бекер алып мектеп салып алган “Газпром” ишканасы окуучуларды акча төлөтүп пайдага туйтунганы жатат…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: