Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Курсан Асанов саясий куугунтукка кабылды”

Бөлүшүү:

– Рыскелди мырза, Курсан Асановго, баласына козголгон кылмыш иштер саясий куугунтук эмеспи?

– Курсандын өзүнө болгон саясий куугунтукка баласын кошо илештирип жатат. Курсан Асановго козголуп жаткан кылмыш иштерин мен анын саясий эркине, эр жүрөктүүлүгүнө чектөө жасоо катары кабыл алдым. Анткени Курсан Асановго милициянын кызыкчылыгын сатканы үчүн деген айып тагышты. Чынында милициянын кызыкчылыгын сатты деген берене жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын сатты деген гана берене бар. Ушул жагын эске алсак, Курсан Асановго дооматты да жөндөп коё албай жатышат. Чынында Кой-Таш тарыхый жана опурталдуу окуя болду. Мына ошол жерде Курсан Сатарович саясаттын дипломатиялык тили менен мурдагы президентти колго түшүргөнү көрө албастыкка туш болдубу же ичи тардыкка кабылдыбы айтор, кайырынын чайыры чыгып Курсан Асановду жаманатты кылуу аракети күч алды. Ушул жагынан алып караганда ал саясий куугунтукка кабылды.

– Курсан Асановду кандай тагдыр күтөт? Эми чиндери, эмгеги жокко чыккан жагдай орун албайбы?

– Андайга бара албайт. Андай кадамга барса акмактык, наадандык болуп калат. Ал орден, медалдарды, генералдык чинди мекен үчүн жасаган эрдиктери үчүн алган. Ошондуктан анын алган сыйлыктарына, наамдарына шек келбеши керек. Анткени Курсан Асановдун аракетинен мамлекет жабыр тарткан жок. Мамлекет жабыр тартпагандан кийин аны орден, медалдарынан, чининен ажыратуунун зарылчылыгы жоқ. Башкача айтканда, ага козголгон иш саясий негизде болуп жаткандыктан андай катаал чарага жетпейт деп ойлойм.

– Курсан Асановго жасалган мамиледен улам ИИМдеги генералдар ортосундагы тиреш, системалык кризис ачыкка чыгып кеткен жокпу?

– Ички иштер министрлиги илгертен эле интригадан чыга алган эмес. Бири-бирин көрө алчу эмес. Орун басарым ордума келип калабы деп министрлер кызганыч менен мамиле кылышчу. ИИМде акыркы жылдары бул мунун кадры деп бөлүнгөн адатка айланып калган. Эки генералдын тиреши, коомчулукту дүрбөткөн окуялар акыркы мезгилдеги интригалардын финалы болду десек болот.

– Атасынын караланганы аз келгенсип, баласын да бул ишке кириптер кылып коюшканы туурабы?

– Баласы мүмкүн адамгерчилик кылгандыр. Жеткирип бер деген баалуу буюмдары болсо же мүлкү болсо жеткирип бергендир. Кандай болгон күндө да Курсан Асановдун баласынын аракети оор кылмыштарга кирбейт. Негизи бул ишти бир жактуу караганга болбойт. Ар тараптуу караш керек. Себеби ал баштык жоголуп кеткен жок да. Ички иштер министринин машинесинде болгону да айтылып жатат. Ал тургай ал баштык ИИМге да кирип чыкты. Ошон үчүн ал баштык үчүн бир эле Курсан Асанов эмес, ошол операцияларга катышкандардын баары жоопко тартылышы керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: