Menu

Кожобекти кой дечүлөр жокпу?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Октябрь райондук соту аркылуу “Ачык саясат плюс” гезитин 300 000 сом доого жыккан. Бишкек шаардык соту да ал чечимди күчүнө калтырды. Эми бул чечим ачык эле сөз эркиндигине болгон кысым. Анткени эркин басма булактары мынчалык сумманы төлөп бергенге чамалары жетпейт. 300 миң сом айып өтө көп.

Негизи маалымат каражаттарын беделиме шек келтирди деп ири суммада айыпка жыгуу өнөкөтү туура эмес. Буга биринчиден, сөз эркиндигине кысым. Экинчиден, өч алып маалымат булагын жаптыруу. Үчүнчүдөн, кадырын акча менен өлчөө акылга сыйгыс көрүнүш. Чындыгында Рыспаев периште эмес. Эгер Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин колдосо, анда “Ачык саясат” гезити анча сумманы төлөп бергенге чамасы жок болгондуктан, Бишкектин Ала-Тоо аянтына, ири базарларына кутуча орнотуп, “депутат Кожобек Рыспаевге бир сомдон жардам” аттуу акциясын уюштурса эл колдойт…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: