Menu

Ташкентте алгачкы электробус жүрө баштады

Бөлүшүү:

Сентябрдын башында Ташкентке алып келинген электробус өткөн 7-сентябрда биринчи жолу шаар көчөлөрүнө чыкты.

“Тошшахартраншизмат” маалымдагандай, электробустун алгачкы жүргүнчүлөрү аталган компаниянын жетекчилери жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 суперконденсаторлор базасында электр кубатын топтоо системасы менен жабдылган. 21-25 чакырымга чейин электр энергиясы менен жүрөт, 6-8 мүнөт ичинде дүрмөттөлөт. Электробуска орточо 90 жүргүнчү батат.

Vitovt Electro E420 автобусу белорусиялык “Белкоммунмаш” компаниясы тарабынан чыгарылган.

Электробус Ташкентке сыноо иретинде алынып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: