Menu

Кара-Кулжада айыл өкмөт башчысы депутатты сабап салды. Окуянын чоо-жайы

Бөлүшүү:

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөт башчысын “ур-токмокко алды” деп айыптап чыкты. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Алымбек Ормокеев мылтык кезеп, сабап салган.

– Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы мени жайлоодон келаткан жолдо кармап, мылтык менен коркутканга аракет кылды. Бир аз кызуу экен. Мылтыгын тартып алып, айылга түшүп келген элем. Кеч киргенде артымдан өзүнүн эки уулун жана дагы он чакты жигиттерди ээрчитип келип, мени көптөп токмоктошту. Бизди ажыратууга чыккан апамды да сабап салышыптыр. Азыр апам экөөбүз тең ооруканада жатабыз, – деп билдирди ал.

Депутат мушташтын себебин айыл өкмөттүн ишин такай сындаганы менен түшүндүрдү. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы менен айылдык кеңештин депутатынын мушташын Ош облустук милициясы да ырастады.

Милициянын расмий маалыматына караганда айыл өкмөт башчысынын эки баласы кармалып, үй камагына чыгарылган. Айыл өкмөт башчысы өзү азырынча ооруканада жатат. Мушташка катышкан башка балдар суралып жатат. Сөз болуп жаткан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Ормокеев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок милиция Ормокеев да депутатка каршы арыз жазып, ооруканага жатып алганын билдирди.

Нурлан Эгемберди уулу

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: