Menu

Казакстандык ишкерлер бизнесин Өзбекстанга көчүрүшүүдө

Бөлүшүү:

Казакстандык бир нече ун чыгаруучу компания өз иштерин Өзбекстанда жүргүзө баштады. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan басылмасы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, казак компаниялары Казакстанга караганда Өзбекстанда бизнес үчүн жакшыраак шарт түзүлгөндүктөн ушундай чечимге келишкен.

Forbes Kazakhstan басылмасына интервью берген Карагандыдагы ун чыгарган “Mutlu” компаниясынын директору Дос-Мукасан Таукебаев Казакстанда тегирменчилерди колдогон эффективдүү программа жок деп эсептейт.

Анын айтымында, өзбек өкмөтү өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчү менен электр энергиясынын баасын төмөндөткөндүктөн, ишкерлер бизнесин Өзбекстанга көчүрүшүүдө:

– Президент Өзбекстандын ун чыгаруучу компанияларын беш жылга салыктан бошотту. Эгер бизде орточо 14 пайыздык ченем болсо, Өзбекстанда 4 пайыз менен 15 жылга насыя берилет. Казакстанда электр энергиясынын баасы 20 теңгени түзөт, Өзбекстанда – 10 теңге. Мындан тышкары Өзбекстанда жумуш күчү Казакстанга караганда эки эсе арзан.

Forbes Kazakhstan маалымдагандай, Казакстан ун экспорттоо боюнча 2007-2010-жылдары дүйнөлүк лидер болгон. Андан кийин ар кыл себептерден улам Түркияга биринчиликти алдырып жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: