Menu

Өмүрбек Текебаев: “Баш прокурордун атасы акталып отурса, неге Мелис Мырзакматов акталбайт?”

Бөлүшүү:

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайра каралышы керек. Бул тууралуу айылдаштары менен жолугушуп жаткан Өмүрбек Текебаев билдирди.

Кыргызстанда саясий куугунтуктун курмандыктары өтө көп. Тилекке каршы, биз алардын баарынын аты-жөнүн билбейбиз. Алардын бири – Мелис Мырзакматов. Ал жакында мага телефон чалып куттуктады. Текебаевдин айтымында, көпүрөнүн курулушу боюнча жалпы 20 чиновникке иш козголсо, бүгүнкү күндө алардын 19у акталган. Мелис Мырзакматовду Оштогу көпүрөнү туура эмес курган деп ошол убактагы бийлик 20 чиновникке иш козгогон. Бүгүнкү күнү ошонун 19у акталды. Алардын арасында азыркы башкы прокурордун (Өткүрбек Жамшитов) атасы да кошо акталды. Адамдын актыгын далилдеш – адамдын эле укугу эмес, бул мамлекеттин милдети. 19у акталса, эмне үчүн Мырзакматов акталбады деген суроону Өткүрбек Жамшитов өзүнө бериш керек”, – деди Текебаев. Текебаев Өткүрбек Жамшитовдун атасы акталганын эл билбесе да, ал өзү жакшы билерин айтып, Мырзакматовдон кечирим сурап, ишти кайра кароо демилгесин Башкы прокуратура өзү көтөрүп чыгышы керек дейт.

Р.S. “Өмүрбек Текебаевдин 2-сентябрда Акман айылында Мелис Мырзакматов жөнүндө сүйлөгөн сөзүн көрүп, жакамды кармадым. Ош шаарында салынган эстакадалык көпүрөгө тиешем жок, анткени мен Ош шаардык мэриясында иштеген эмесмин, кайсыл адамдар акталгандарын же жоопко тартылгандарын билбейм. Ал иш боюнча катышы бар аралашкан адамдардын бүгүнкү күндө көзүү тирүү. “Калк айтса, калп айтпайт” дегендей, көпүрө чыры боюнча суралган, же өзү айткан акталган адамдар менен сүйлөшүп маалымат алып туруп, тактап билип текшерип айтса туура болмок” – деди Баш прокурордун атасы Асылбек Жамшитов. Баса, Мырзакматовдун жактоочулары Жогорку сотко арыз жазып кайрылып жатышат.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: