Menu

Париж келишими ратификацияланса, анын алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шериповдун айтымында, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам бериле турганын белгиледи. «Келишим ратификацияланса, анын алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы», – деди ал.

Депутат Максат Сабиров токойчулардын маянасы 5800 сомдун тегерегинде экенин, агенттик алардын кесибине көӊүл бурулбай калганын, токойчулукка отставкадагы милициялар дайындалып жаткан айтып, Токой чарба агенттигин кадрдык саясатын сынга алды. «Ушул сындуу каражаттар бөлүнүп жатат, бирок натыйжа жок болууда», – деп кошумчалады ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: