Солтон-Сары кениндеги ызы-чууга контейнер мектеп чуусу кошулуп, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов кызматтан оодарып түштү эле. Кайыпов кызматын жыйыштырып кетип жатканда, мыкты иштедиң деп кош-кош тебетей кийгизишип, кошоматчылар көлдөлөң төшөлүштү. Кайыповду кызматтан оодарганы курусун, түштөн кийин эле кайта кызматка отургузса болобу? Өзү деле түшүнбөй калса керек. Кандайча мындай болуп кеткенин. Кызыгы, Солтон-Сары кенинен “келтек” жеген Кайыпов кандайча тоо кен тармагын тескеген агенттикке келип калганы болууда. “Базаркомдон” бир аймакты башкарууга барган Кайыповдун ал абалын “акчаны түшүнөт, каратаман, калкты билет” дегенбиз, бул саам муногу өкмөткө өлүп бара жатсак да түшүнгүбүз келбей турат. Алтын менен күмүштүн айрымасы, анын составында эмне бар, цианид сууга бууланабы же абагабы дегенди анчейин билбеген Аманбайдын ал жерде анчалык атасынын акысы барбы десеңер эй, шумдук.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ