Menu

Тынчтыкбек Конушбаев, ЖК депутаты: “Суусамырда беш миң гектар арпа аянты кар алдында калды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү акыркы абал тууралуу кеп кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында аталган аймакта 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калган.

“Жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Көпчүлүк дыйкандар насыя алып, эптеп айдаган эгиндеринен кол жуушту. Анткени, суусамырлыктар табияты катаал аймакта мал чарбачылыгы менен катар арпа эгинин гана эгип, оокат кылышат. Ал эми 5000 гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек”, – деди Тынчтыкбек Конушбаев.

Кошумчалай кетсек, быйыл Суусамырда 6100 гектар жерге арпа айдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: