Menu

Абакты Абдылдаев дагы “аттайбы”?

Бөлүшүү:

Бүтпөгөн ЖЭБдин “чырлуу” иши боюнча мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы суракка чакыртылды. Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланган. Бул тууралуу камактагы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Териштирүү учурунда Абдылдаевге тергөөчүлөр тарабынан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча бөлүм боюнча суроо салышкан. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого ТВЕА компаниясын гана сунуш кылабыз” деп жиберген каттары боюнча суроолор берилип «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев “ооба” деп жооп узаткан. “Ооба” дегени моюнга алгандык болуп чыгабы же ал дагы кайсыл бир жогорку чиновниктин тапшырмасы болуп бүтөбү, ал тергөө иштери аяктагандан кийин билинээр. Ошентсе да, алынган акчалар Кытай тараптан болгондуктан ал түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер министрлигинин катышуусунда болушу толук ыктымал. Демек, Абдылдаевдин да абалы арсар болуп турганы чындык. Азыркы учурда, андан жогорку кызматта турган ал кездеги өкмөт башы Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштап, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын  мурдагы төрагасы Айбек  Калиевдер төштөп абакта  экени белгилүү эмеспи.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: