Menu

Каныбектердин “камалоосуна” калган министрлик

Бөлүшүү:

Коомчулуктун чоң чуусун жаратып, кеткенге чейин кемчиликтен башканы укпаган Билим жана илим министри Гулмира Кудайбердиеванын орду бошогон соң, ал орун үчүн ар кимдин талапкерлиги көрсөтүлүп, акыры ОшМУнун ректору болуп олтурган Каныбек Исаковдун талапкерлиги өкмөт тарабынан ЖКга сунушталды. Ал ортодо Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырганы кабарланды. Эми анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карайт. Исаковдун талапкерлиги менен бирге коомчулукта мурдагы бул кызматта иштеп кеткен, ЖКнын мурдагы депутаты, илимдин доктору Каныбек Осмоналиевдин дагы талапкерлиги айтылып жаткан болчу. Бийлик Осмоналиевдин мурда ал орунга иштеп кеткениненби же Президенттик үчүн болгон шайлоодо жаш талапкер Бабановдун багалегин кармаган үчүнбү, айтор анын каалоосу күч экенине карабай, кай бир жактарда реформа жасап, илим-билимди ичинен билем дегенине көз жумдубу, Каныбек Исаковдун талапкерлиги жактырылып, тандоо алдында турат. Өкмөттүн бул сунушун колдогон да, колдобой аны “реформа жасай албайт, акула келатат” деп сындагандар да болууда. Кала берсе, “өкмөт сунуштаган соң өтөт, ЖК качан эле калктын сөзүн угуп, коом колдобогон талапкерди артка кайтарчу эле” дегендер да болууда. Ошентсе да, коомчулукта Каныбек Исаковду колдоп, андан үмүт арткандар да аз эмес. Эмнеси болсо да, реформалык кадамдарга барып, коом тажап бүткөн мектеп салымдары, мектеп фондун жоюп берсе деген тилекте тургандар андан көп. Көрөлү, калктын кадырын тойгузабы же өзүн тойгузабы? Кетирип салыш заматта эле эмеспи, кыргызда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: