Жашоодо өксүгөн нерсеңиз барбы?
– Жашоомдо бир өкүнүчүм бар. Ал мен врач болуп туруп, ооруп турган атамды айыктыра албай калганым. Атам мындан он эки жыл мурда катуу оорудан каза болуп калган. Канчалаган адамдарга жардам берип, айыктырып жүрөм бирок атамды айыктыра албай калгам. Ошондо катуу өксүдүм. Капа болуп, ишимдин бул учурда пайда бере албай койгонуна бир чети таарынып жүрдүм. Өзүмө капа болуп жүрдүм. Убакыт, мезгил өтүп бардыгы ордуна келди. Бирок, жүрөгүмдө ушул өксүк калды.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ