Menu

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Бөлүшүү:

Кыргызстандын өкмөтү Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келгени жатат. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бышыктады.

Мунун алдында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Ирактагы дээрлик 70 баланы Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Мындан тышкары Сириядагы кыргыз жарандарын да алып келүү боюнча өкмөттүк түзүмдөр сүйлөшүп жатышканын кошумчалаган.

Буга чейин өкмөт Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын алып келүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкканын жана атайын түзүлгөн топ жакынкы арада документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келиш үчүн Багдад шаарына барарын жарыялаган.

Өкмөт аталган өлкөлөрдөгү балдарды өлкөгө алып келүү аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: