Menu

Өлкө 16,2 млрд. сомдук карыздан кутулду, бирок Кытайга тутулду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын сырткы карыздарынын эң эле көбү Кытай мамлекетине экени белгилүү. Аларга 1 млрд. 700 млн доллар карызыбыз бар. Мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 455.86 миллион долларга жетет. Кыргызстан сегиз айдын аралыгында мамлекеттик карыздын 16 миллиард 204 миллион сомунан кутулду. Бүл тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айлары аралыгында республикалык бюджеттен мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө 8 миллиард 598,5 миллион сом бөлүнгөн. Ички карыздын суммасын азайтуу үчүн 7 миллиард 805.5 миллион сом жумшалган. Ал эми былтыр бир жылдын аралыгында Кыргызстан 25 миллиард 747,7 миллион сомдук карыздан кутулган. Анын 11 миллиард 805 миллиону тышкы карызга, 11 миллиард 942,7 миллиону ички карызга кеткен. Акыркы 10 жылда Кытайга болгон карыз дээрлик 200 эсе өскөн. 2000-жылдарга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттен ири суммадагы карыз алган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард 711.6 миллион долларды түздү. Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 5,8 миллиард долларга барабар. Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкынан” алгачкы карызды 1992-жылы 5 миллион доллар көлөмүндө алган. 2000-жылы карыздан толугу менен кутулган. Бирок, кийинки жылы кайтадан акча алууга туура келген. 2009-жылдан тарта Кытайдан алынган карыздын көлөмү кескин өсүп, 47 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2010-жылы карыз 150 миллион долларды чапчыган. Ошентип 2019-жылдын майына карата Кытайдан алынган карыз 1,7 миллиард долларга жетти. Башкача айтканда, 2008-жылдан тарта алынган карыз 186 эсе өскөн. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-майына берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 455.86 миллион долларды (511 миллиард 102 миллион сом) түздү. Анын 5,7 миллиарды чет өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга төлөнүп берилет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: