Menu

Жогорку Рада президенттин импичменти тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Бөлүшүү:

Украинанын Жогорку Радасы президенттин импичменти тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Аны 245 депутат колдосо, алардын 244ү «Эл кызматчысы» фракциясынын өкүлдөрү.

Документ парламент төрагасы Дмитрий Разумовдун сунушу менен жалпы каралып, дароо кабыл алынды. Өз кезегинде бул айрым оппозициялык депутаттардын нааразылыгын жаратты.

29-августта импичмент тууралуу документти мамлекет башчы Владимир Зеленский парламентке алып чыгып, 337 добуш менен биринчи окууда кабыл алынган.

Документке ылайык, депутаттар президентти мамлекетке чыккынчылык кылганда же башка кылмышка барганда гана бийликтен кетире алышат. Бул үчүн алгач эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кол койгон жазуу жүзүндөгү сунуштама болушу керек. Андан кийин атайын убактылуу тергөө тобу түзүлүп, ишти жашыруун иликтөө үчүн Конституциялык сотко кайрылуу жолдонушу зарыл. Соңунда депутаттар президенттин импичменти тууралуу токтом долбооруна жашыруун добуш берип, төрттөн үчү колдошу керек болот.

Президентке импичмент жарыялоого мыйзамдуу негиздер Украина Конституциясынын азыркы версиясында деле жазылган, бирок анда мамлекет башчыны бийликтен кетирүү жол-жобосу кыйла татаал.

Жогорку Рада алты фракциядан жана бир нече депутаттар тобунан турат. Анда президенттик «Эл кызматчысы» партиясынын өкүлдөрү 254 мандатка ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: