Menu

Мелис Турганбаев, ЖАМКнын төрагасы: “Соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу жогорулады”

Бөлүшүү:

– Мелис Токтомамбетович, ЖАМКнын бүгүнкү абалы, сиздерге караштуу жабык мекемелерди тамак-аш жана башка керектөөлөр менен камсыз кылуу маселелери тууралуу оюңузду уксак.

– Биринчиден бүгүнкү күндө ЖАМКга тиешелүү абактардын абалы тууралуу айтайын. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой абактардын дээрлик 95 пайызы союздан бери келип, эскилиги жеткен. Көпчүлүк бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин өзүм кыдырып көрдүм. Буга чейин Өкмөт тарабынан каралган каражат чындыгында ЖАМКнын керектөөсүнүн 40 пайызын эле камсыздай алат. Калган керектөөнү эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырып келебиз. Буйруса кийинки жылга бюджетти карап жатканда, каражат маселеси оң жагына чечилет деп турабыз.

Ал эми биздин карамагыбыздагы абактарды тамак-аш жана башкалар менен керектөөлөр менен камсыздоо, соттолгондорду иш менен камсыздоо толук жолго коюлду десем жаңылышпайм. Алсак 2019-жылдын 8-айында финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын аткарган иши тууралуу кыскача маалымат бере кетейин. Жыл башынан бери өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана соттолгондорду жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында Финансы чарбалык башкы башкармалыгынын карамагында Өндүрүш бөлүмү түзүлүп, алдыга чоң максаттар коюлган. Иш-чараларды иреттүү аткаруу максатында Өндүрүштү жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү планы кабыл алынып бүгүнкү күнгө тиешелүү көрсөткүчтөргө жетиштик. Мисалы, жалпы пайданын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу жаңы өндүрүш аймактарын ачууга кеткен чыгашаларды эсепке албаганда 29,6 пайызга жогорулады (2018-3 млн. 640 миң сом болсо, 2019-жылы – 5 млн 579 миң 791 сом). Башкача айтканда таза кирешебиз 1 млн. 654 миң сомго көп. Керсөткүч жыл аягына чейин дагы өзгөрөт.

Жабык мекемелерди тамак-аш жана башка керектүү продукциялар менен камсыздоо багытында да алгылыктуу иштер жүрүп, бир катар өндүрүш аймактары ачылды.

Алар:

– № 2 мекемеде малдын майын эритип, тоң май чыгаруучу цех. Чыгарылган продукция бардык жабык мекемелер 100 пайызга камсыздайт;

– № 26 жатак абагында бодо малды семиртип союу максатында инвесторлор менен биргеликте цех иштеп 2019- жылдын 3-чейрегинен баштап жабык мекемелер 100% уй эти менен камсыздандырылды. Бул жылдын 4 чейрегинде дагы 35-45 тонна эт менен камсыз кылуу пландаштырылууда;

– №27 мекемеде кийим  тигүүчү цех ачылды;

– №47 мекемеде пескоблок чыгаруучу цех ишке кирип, бүгүнкү күнгө – 2000 даана пескоблок чыгарылды;

– № 51 жатак-абагында нан чыгаруу цех ачылып, өз керектөөлөрүн жана Балыкчы шаарында жайгашкан КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер бөлүгүнүн керектөөлөрүн камсыздоодо (600 кг. нан күнүнө);

– “Келечек” мамлекеттик ишканасынын нан чыгаруучу цехтерин ун менен камсыз кылуу максатында Сокулук районунун Маловодное айылына өндүрүмдүк кубаттуулугу суткасына 40 тонна ун чыгаруучу тегирмен ачылып № 2, 3, 10, 8, 47 жана 51 мекемелеринин нан чыгаруучу цехтери ун менен камсыз болууда.

– № 43 жатак абагынын аймагына бетондон жасалган түркүк (стойка) чыгарууда;

– N° 52 жатак абагынын аймагында жасалма көлмө жасалып 3000 даана форель балыгы багылууда.

Былтыркы жылдан баштап тутумда бал челектерин багуу жаатында да иш жүрүүдө. Быйыл баардыгы болуп 2 тонна 35 кг. Бал алынып былтыркыга салыштырмалуу 1 тоннага көп алынды.

– Соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу жааы кандай болуп атат?

– Аталган жаңы өндүрүш аймактарын ачуу менен соттолгоднордун жумуш менен камсыз кылуусу 10 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1780 соттолгондон 2000 соттолгонго жетти. Ушул жетишкендиктер менен бирге жер иштетүү жаатында да бир топ жумуштар аткарылды. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 37 гектарга көп жер тилкелери иштетилди. Баардыгы болуп 136 гектар жер тилкеси иштетилип, анын ичинен 93 гектар өздүк жер тилкеси ал эми 43 гектар ижарага алынды.

Жатак абактар тарабынан ушул иштелген жер тилкелеринен алынган түшүм жабык мекемелердин төмөнкү жуктаждыктардын жабууда:

– Картошкага болгон муктаждыктын Чүй өрөөнү боюнча 13 пайызын, ал эми түштүк аймагы боюнча 25 пайызын жабууда;

– Сабизге болгон муктаждыктын Чүй өрөөнү боюнча 58 пайызын жабууда;

– Кант кызылчасына болгон муктаждыктын Чүй өрөөнү боюнча 84 пайызын жабууда;

– Пиязга болгон муктаждыктын аймактар боюнча 100 пайызын жабууда.

– Бизге белгилүү болгондой кээ бир абактарда мал кармайт экенсиздер, эт менен камсыздоо да жолго коюлганбы?

– Жыл башынан бери мал чарбачылыгын өркүндөтүү боюнча да чоң жумуштар аткарылды. 2018-жылга салыштырмалуу бодо малдын саны 169 жетип, 54 башка, койдун саны 114 башка жетип, 90 башка көбөйтүлдү. Андан тышкары өткөн жылга салыштырмалуу курулуш материалдарын өндүрүү да бир топ көрсөткүчтөргө көбөйдү. Мисалы,

– бышкан кыш 5 млн. 100 миң даана чыгарылып өткөн жылга салыштырмалуу 5 млн 8 миң даанага кеп;

– чийки кыш 84 миң даана чыгарылып 42 миң даанага көп;

– пескоблок 28 миң даана чыгарылып 2600 даанага көп.

– Абактагылардын ден соолугуна кам көрүү, медициналык жабдыктарды жаңылоо боюнча да кошумчалай кетсеңиз.

– Медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча донорлор менен сүйлөшүүлер жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү жалпы суммасы бир миллион долларлык медициналык техникалар донорлордун жардамы менен алынып келинет.

– Алдыда жасалчу иштериңиз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

– Буйруса жылдын аягына чейин “Келечек” мамлекеттик ишканасы жана бэй өкмөт уюмдар менен биргеликте төмөнкү өндүрүш аймактарын ачуу пландаштырылууда:

– №2 мекемеде кир самын чыгаруучу жана бут кийим тигүүчү цехтерди ачуу;

– №3 мекемеде кийим тигүүчү жана жыгач иштетүүчү цехтерин ачуу;

– №8 мекемеде пескоблок чыгаруучу цехин ачуу;

– №32 жатак-абагында автоунааларды техникалык жактан тейлөө жайын ачуу;

–  №38 жана 43 жатак-абактарында кургатылган мөмө-жемиш даярдоо цехин ачуу;

– №48 жатак-абагында кийим тигүүчү цехин ачуу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: