Билим берүү жана илим министрине талапкер Каныбек Исаков мектептердеги фонддордун ишине ата-энелер нааразы экенин айтып, иш ачык-айкын болушу керектигин парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Дастан Бекешев министр болчу талапкер мектептердеги фонддорго, камкорчулар кеңешине деп акча чогулушуна кандай карарына кызыкты. Исаков бул маселени көптөн бери ойлонуп жүргөнүн белгиледи. “Мамлекет мектептерди толук камсыздоого жөндөмдүү болгондо фонддорду жойсо болот. Азыр ата-энелерде фонддун ишиндеги бүдөмүк аракеттер тууралуу көптөгөн нааразычылыктарын айтып жатышат. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу керек. Ар бир ата-эне баласына төлөгөн акчанын эсеп-кысабын так билиш керек. Ошондой механизм иштеп чыгышыбыз зарыл”, — деди Исаков.
Ал бул маселени көптөн бери ойлонуп жүргөнүн кошумчалады. Дастан Бекешев министр болчу Каныбек Исаковдон мектептеги фонддорду жоюу боюнча мыйзам долбоорун күтөрүн билдирди.
Бурул Тынчтыкбекова
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ