Menu

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция Кытайдан башталган

Бөлүшүү:

9-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишин кароо уланды.

Сотто мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күбө катары көрсөтмө берди. Ал өзүнүн орун басары Аскар Бешимовдун буга чейинки суракта айткандарын тастыктаган жок.

Мамлекеттик айыптоочуларды кытай тараптын ТВЕА компаниясына артыкчылык берүүсүн сөзсүз эске алыш керек беле, же кулак салбай деле койсо болот беле деген суроо кызыктырды. “Кытай элчилигинен Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн расмий корреспонденциядан кытай тарап ТВЕА компаниясын тандаганы көрүнүп турат жана Кыргызстанга бул шарт угузулган”, – деп түшүндүрдү Эрлан Абдылдаев.

“А Кыргызстандын өкмөтү баш тартып кое алат беле?”- деп үмүт менен сурады прокурор.

ТИМдин мурунку жетекчиси, 25 жылдык тажрыйбасы бар дипломат, Кытай боюнча адис Эрлан Абдылдаев башын чайкады: “Жок, кытайлык “Эксимбанк” Кыргыз өкмөтүнө ал баш тарта албагандай сунуш жасады. Баш тартса, өлкө 386 миллион доллар ала алмак эмес жана ЖЭБ жаңыланбай калмак”.

Дал ушуну Эрлан Абдылдаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин атына жазган кызматтык катында белгилегенин айтты. Башкача айтканда, министр мамлекет башчысына кытай тарап ЖЭБди оңдоодо ТВЕА компаниясынын подрядчик болушун талап кылып жатканы тууралуу кабарлаган.

Демек, Бишкек ЖЭБиндеги Чубактын кунундай чубалжыган коррупция Кытайдан башталган тура…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: