Menu

Контейнер мектеп Кайыповдун карьерасын жогорулатты

Бөлүшүү:

Бир кызматтан кете албай жатып экинчи кызматка Нарындын мурдагы губернатору илешти.

Аманбай Кайыпов Нарындагы Кеңеш айылына контейнер мектеп курулган ызы-чуудан улам кызматынан алынгандай болгон. Коомчулук ошентип түшүнгөн болчу, эртеңки муундун темирден куралган класста билим алуусуна жол бергени үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү кызматтан алынды дешкен. Бирок кийинки күнү эле Кайыпов өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин чокусуна, тагыраагы жетекчисинин орун басары кызматына чокчойуп отуруп калды. Буйрукка премьер-министр кол койгон.

Контейнер чуусу чыгаары менен “Кайыпов кызматтан кетти” деген маалыматтар жайнаган, бирок мурдагы губернатор “жок, мен ордумда эле отурам” деп чыйпылыктап жиберген эле. Анан эле унчукпай, өз каалоосу менен арызын жазып таштаган. Көрс, “бул жактан кет, башка жактан жайлуу орун бар” деген макулдашуу көңүлүнө туура келген окшойт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: