Menu

Олжобай Шакир, журналист: “Абылгазиев эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм… ысык самсы алып берем”

Бөлүшүү:

– Мени сөккөндөр сөксүн, андан асман жерге кулабайт! Тек жеке оюмду ачык билдирип, кимдин ким экенин ажыраткым келет…

Эмесе мындай кеп: эл эс калчабайт кээде. Наалыйт, нааразы болот. 28 жылда отуздай өкмөт башы садага чабылды. Эмнеге? Президентке көлөкө түшпөсүн үчүн… Элде бийликке болгон нааразылык күчөп баратканда эле буга чейинки президенттерибиз өкмөттү садагага чапкан саясат адатка айланган. Калыптанып да бүткөн. Эл кайра жаңы өкмөт башыдан өрнөк күтүп келген. Айтор, кийинкиси мурункусунан кокуй чыгып, деле, өкмөткө жарыбай келдик. Кеп өкмөттү кол каптай алмаштырганда эмес экенин качан түшүнөт болдук экен?..

Албетте, М.Абылгазиевдин ишине мен деле курсагым тоюп турган жок. Мен деле нааразымын анын ишине. Абылгазиевдин ордуна Эмил Үметалиев деген тилектеш, санаалаш дос-агам бар, ошо кишини өкмөт башыга алып келишсе оң болмок негизи. Антишкен жок!!!

Бирок айла канча, М.Абылгазиевге болгон элдеги нааразычылык күч экенине карабай президент С.Жээнбекбв сабырдуулук кылганына таң бердим. Демек, туруктуу саясатты калыптандыруунун башталгыч этабы ушул болуп жүрбөсүн?.. Мамлекеттик бийлик системасын куруу – тоок кепе кура салгандай иш эмес. Туруктуу системаны куруу үчүн туруктуу позицияны сактоо да маанилүү. Биздин коом былкылдаган сазга окшобой, кыртыштуу дөңдөй былк этпегенге качан үйрөнөбүз эй!

Бизде азыр өкмөт эле эмес, президенттик институт да, парламенттик бийлик да күчтүү калыптана албай атат. Үчөө саясый ансамбль болуш үчүн – туруктуулук керек. Ошол туруктуулукту калыптандырууга жетиш үчүн эл бийликтегилерди ашата сөгүп, шаштырып аткан жокпузбу?.. Экономикасы эң начар өлкөдө нааразылыктар сөзсүз болот. А биз канча нааразы болгон менен Кыргыз бийлиги оңолуп кетпейт. А мүмкүн бийликти мактап да көрбөйлүбү, эмне болор экен?.. Бирок сындайлы. Болгондо да аёосуз сындайлы! Мен деле бийликтегилердин кадамын чычкан аңдыган мышыктай аңдыгандардын биримин – “эмне кемчилик кетире коёт” – деп. Президенттин ишине да, ЖоКенин, өкмөттүн ишине да ыраазы болуп турган жерим жок. Бирок акыйкат үчүн белгилей кетким келет: өкмөткө карата коомчулукта нааразычылыктар канча жолу болду, бирок президент өкмөт башын садагага чабууга шашылбаганы мага жагып баштады…

Бийлик кээде элдин нааразычылыгынан коркуп деле туура эмес чечимге барган фактылар саясат тарыхында толтура болгон. Менимче, М.Абылгазиев буга чейинки катачылыктарынан абдан сонун сабак алгандай болду окшойт. Мурунку өкмөт башылар кол койгон келишимдер аны да элге суук тумшук көрсөтүп аткандыр мүмкүн. Так что, жолуң болгурлар, келгиле, сабырдуу, чыдамдуу болууга үйрөнбөйлүбү!

Эгер, Мухамметкалый Абылгазиев “Фейсбукта” сөз аңдып отурган эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм Канышай Мамыркулова айтмакчы… ысык самсы алып берем! Позитивдүү коом бололучу, келгиле!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: