Menu

Президентке каршы эч нерсе таппай, карындашын бутага алыштыбы?

Бөлүшүү:

Жашырганда эмне, учурдагы президентти эл көзүнө мокочо көрсөтүү үчүн баарына даяр болгон саясий күчтөр бар экендиги талашсыз. Алар буга чейин калпты чындай урдурушуп, каралоо кампанияларын жүргүзүшүп, президенттин ишмердигине шек келтирүү аракеттерин жакшы эле жасашты.

Президенттин өзүнө каршы эч нерсе таппай, айласы кеткенде кадрдык саясат, түндүк-түштүк маселесин көтөрүштү. Сыягы, эми ошол эле күчтөр президенттин университетте мугалим болуп иштеген карындашын бутага алышкан окшойт. Дегенибиз, интернеттеги социалдык тармактарга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун маркум агасы Кантөрө Токтоматовдун кызы, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин “Банк” кафедрасынын башчысы болуп иштеп келаткан Гүлзат Кантөрөева тууралуу таптакыр чындыкка ылайык келбеген маалыматты таркатканга өтүштү. Ал маалыматта Гүлзат айым өзүнө жакын кишилерди декан, проректор кылууга аракеттенип, кадр саясатына кийлигишип жаткандыгы айтылат. Бирок бир факты, далил жок, курулай, үстүртөн жазылган гана жалпы айыптоолор. Жөн гана калпты чындыктай берүү менен президенттин ишмердигине көлөкө түшүрүү, эл көзүнө жаман көрсөтүү, кандайдыр терс коомдук пикир түзүүгө болгон аракет экенин байкоо кыйын деле эмес.

Баарынан кызыгы, социалдык тармакка чыгарылган каралоо маалыматына негативдүү
пикирлерди жазып, аны таркатып жаткандардын дээрлик бардыгы кечээ жакында эле мурдагы президенттин Кой-Таштагы хансарайын акмалап, Атамбаевди жандап сүрөткө түшүп жүргөндөр экен. Демек, “шамал кайдан согуп” жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Биз атайын университеттин кээ бир мугалимдери менен байланышып, Гүлзат айымдын канчалык окуу жайдын кадр саясатына кийлигишип жатканына кызыкканыбызда, окутуучулар маалыматта айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, башкалардай эле өзүнүн педагогдук милдетин аткарып келерин, кандайдыр мыйзамсыз иш-аракеттерден алыстыгын айтышты. Ошону менен бирге декандардын тагдырларын бир адам эмес, шайлоо жолу менен факультеттин коллективи чечерин билдиришти. Тескерисинче, Гүлзат айым президент агасына сөз тийгизбөө үчүн айрым сунуштардан баш тартып келет экен. Мисалы, Гүлзат Кантөрөевага проректорлук кызмат сунушталганда ал: “мен, агам президент болуп турганда окуу жайдын жетекчилик кызматтарына барбайм, бул туура эмес болот, агам кызматтан кеткенден кийин гана барышым мүмкүн”- деп баш тартканын билдик.

Көрүнүп тургандай, мында жөн гана курулай айыптоо, каралоо аракети жүрүп жатат. Акты кара кылып, жалган маалыматты таратып жаткандардын максаттары эмне экендиги түшүнүктүү деңизчи. Бирок, күнөөсүз адамды ак жерден каралап, ага курулай күнөөлөрдү тагып, жаманатты кылуу менен максаттарына жетүүгө болбостугун түшүнүшөбү? Же “президенттин карындашы болсо эле урдура берсек окшошо берет, эл, коомчулук ишене берет”- деп ойлошобу?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: